Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматкерлери тарбынан өтө чоң көлөмдөгү салмагы 11 кг түзгөн баңгизат кармалды (фото)


img_fon

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын Баңгизаттардын мыйзамсыз айлануусуна каршы күрөшүү ишин уюштуруу бөлүмүнүн кызматкерлери 2015-жылдын 30-майында саат 16.00 чамаларында Бишкек калаасынын Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде «К.И.» жараны башкарган кара түстөгү БМВ Х-5 автоунаасы кармалган. Автоунааны текшерүүдө, анын ичинен ачык көк түстөгү чүпөрөктөн тигилген 2 (эки) кол баштыкта 12 (он эки) полиэтиленден жасалып, түссүз скотчко оролгон брикеттер табылган. Брикеттердин ичинде күрөң түстүү нашаа жыты бар заттар сакталган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо мамлекеттик кызматынын эксперттик изилдөөсү тарабынан жалпы салмагы 11 кг кармалган заттар — «гашиш» баңгизаты экендиги аныкталган.

Фоторепортаж: Задержана особо крупная партия наркотиковСүрөттөрдү көрүү →

Аталган иш боюнча Бажы кызматынын Тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Кармалган «К.И.» жараны Ички иштердин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоо изоляторуна камакка алынды.
Бажы кызматында болгон маалыматтар боюнча, кармалган жаран баңгизаттарды өтө чоң көлөмдөрдө Ооганистандан Тажикистан аркылуу, Кыргызстандын түштүк аймактары, Бишкеке, андан ары контрабандалык түрдө Казакстанга жана Оруссияга майда партиялар менен баңгизаттарды жеткирүү каналын уюштурган бириккен кылмыштуулук топтун активдүү мүчөсү.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


3 + = двенадцать

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>