Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 4-мартында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын калкын саламаттык үчүн керектүү дары-дармектерди алууну камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн зарылчылыгы дары-дармектердин кээ бир түрлөрүнө кымбат бааларына байланыштуу болгон. Аталган мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөр Кыргыз Республикасынын рыногун арзан генерикалык (оригинал дармектерге аналогдор) дары-дармектери менен камсыз кылууга шарт түзөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


восемь × = 48

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>