«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди


img_fon

2015-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга жана шайлоо процессине жаңы инновациялык технологияларды пайдаланууну камтыган олуттуу жаңылыктарды киргизүүгө багытталган.

Инновацияларды киргизүүнүн негизги мааниси — «бир шайлоочу — бир добуш» принцибин камсыз кылуу, ошондой эле бюллетендерди (шайлоочулардын добуштарын) эсептөөдө адамдык факторду максималдуу жоюу.

Мыйзам менен:

— шайлоочулардын тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн жарандарды гана киргизүү;

— шайлоочулардын тизмесин түзүү укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп берүү;

— компьютердик базадагы биометрикалык маалыматтар менен шайлоочунун манжаларынын такталары менен жеке маалыматтарды салыштыруу жолу менен гана шайлоочуга добуш берүүгө жол берүү;

— шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтердин ичинен пенсиондук күбөлүктү, айдоочунун күбөлүгүн, аскердик (прапорщиктин) күбөлүгүн, мөөнөттүү аскер кызматынын билетин жокко чыгарып, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун гана калтыруу (шайлоочуну идентификациялоо процессин тездетүү үчүн, маалымат документтин автоматтык эсептөөчү окуучу аймагында жайгашкан ПИН-код менен изделет);

— добуш берүүчү үчүн автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу;

— добуш берүүчү жайларды монитор жана башка зарыл болгон жабдуулар менен камсыз кылуу;

— ушул Мыйзамдын жоболорун жана жарандарын шайлоо укугун бузган шайлоо процессинин катышуучуларынын чечимдерине жана аракеттерине даттанууну кароодо мамлекеттик органдарынын (прокуратура органдары, ички иштер органдары, шайлоо комиссиясы жана соттук органдары) компетенциясын так бөлүштүрүү;

— шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн 500 миң сомдон 5 млн. сомго чейин жогорулатуу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


5 + восемь =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>