Кыргызстан, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификацияланды


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 4-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Чыгыш Европада жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-өлкөлөрдө статистикалык дараметти өнүктүрүүнү колдоо боюнча программанын алкагында ар кыл донор уюмдар тарабынан берилүүчү Мультидонордук трасттык фонддун (№ TF 017862 грант) гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-мартында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына ушул Гранттык макулдашуунун ратификацияланганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


три + 2 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>