Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Баткен областынын Лейлек районундагы Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу» долбоору боюнча насыялык макулдашуу ратификацияланды


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Ислам биримдигинин өнүктүрүү фондунун администрациясы катары) «Баткен облусундагы Лейлек районунун Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу» долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Ислам өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Насыялык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


6 + четыре =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>