Кыргызстанда Жеңиштин 70 жылдыгына карата башкы салтанаттар 4-майда «Ала-Тоо» аянтында Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парады менен башталат


img_fon

2015-жылдын 4-майында саат 10:00дө, Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында мектеп окуучуларынын масштабдуу театрлаштырылган «Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парады» салтанаты өткөрүлөт. Майрам алдындагы Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парадына 6 миң окуучу катышып, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган башкы салтанаттарга жол ачат.

Бишкек мектептеринин окуучулары, балдардын чыгармачыл белгилүү коллективдеринин тарбиялануучулары, аскердик лицейлердин курсанттары, жаш спортчулар согуш ардагерлерине жана чакырылган меймандарга кооз жана масштабдуу театрлаштырылган оюн-зоок даярдашкан.

«Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парадынын» уюштуруучуларынын негизги максаты Жеңиш майрамы Кыргызстандын жаштары үчүн эч качан унутулбастыгын жана абдан маанилүү экендигин таасын көрсөтүү болгон. Жаңыдан кайра жаралууну баштан кечирип жаткан Кыргызстандын балдары сыймыктана турган иштер көп. Жаш кыргызстандыктар 70 жыл мурда дүйнөнү эң катаал коркунучтан — фашизмден сактап калган чоң аталарын, бабаларын, чоң энелерин эстен чыгарбайт. Кыргызстандыктар Жеңишке жетиш үчүн зор салым кошкондугун билет. Кыргызстандын балдары өлкөнүн тарыхын билгиси келет, улуу муундагылардын эрдигин эстен чыгарбастан, аны татыктуу улантат деген ой ырасталмакчы.

Параддын жүрүшүндө түрдүү эпизоддор көрсөтүлөт. Тактап айтканда, I — «Эскерүү набаты», II — «Жеңиш вальсы», III — «Мезгил, алга», IV — «Биз өлкөбүздүн жаштыгыбыз», V — «Парад маршында», VI — «Менин гүлдөгөн Кыргызстаным».

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Феруза Жамашева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, чет элдик дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, башка расмий адамдардын катышуусу күтүлүүдө.

Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парады Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын телеканалы боюнча түз көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


восемь − 7 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>