Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган Коргоо кеңешинин чечими


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Өлкөнүн экономикасынын электр энергетикалык секторунун абалы жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимине кол койду. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйыны 2015-жылдын 28-апрелинде Мамлекет башчысынын төрагалыгы алдында өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечими:

“Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга кепилдик берилген, пландуу түрдө ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлорго карабастан, жакынкы келечекте энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууда кризистик кырдаалдын келип чыгышына түрткү болгон тобокелдиктердин бар экендигин белгилейт.

Энергетика тармагын башкаруунун азыркы системасы так жана натыйжалуу чечимдерди ыкчам кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, бул жагдай энергетикалык сектордун кесипкөй кадрлардан кол жууп калышы менен курчуп жатат. Кадрлар кесиптик критерийлердин негизинде эмес, саясий сүрөмөлөөнүн таасири алдында, айрым адамдардын кызыкчылыгында тандалууда.

Энергетика тармагын башкаруу жана корпоративдик башкаруу системасын реформалоо маселеси азыркыга чейин каралган эмес. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул багыттагы ишти иретке келтире албай тургандыгын көрсөттү.

Тобокелдиктерге талдоо жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуу системасынын жоктугу маанилүү көйгөй болуп эсептелет, ал энергетика тармагындагы учурдагы абалга объективдүү баа берүүнүн жана келечектеги процесстерди долбоорлоо мүмкүнчүлүгүн азайтат.

Энергетика тармагын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылуучу негизги факторлордун бири — анын коррупцияланышы. Тармактагы орун алган олуттуу коррупциялык көрүнүштөр эксперттердин берген баасы боюнча мамлекетке чоң зыян келтирет.

Бар болгон көйгөйлөрдүн индикатору болуп өлкөдөгү жыл сайын күз-кыш мезгилинин өтүү процесси саналат, ал процесс ыраатсыз, түртмөлөп башкаруу режиминде жүргүзүлөт. Натыйжада бул тармактын натыйжасыз иши үчүн жоопкерчиликти өлкөнүн саясий жетекчилигине оодара салуу орун алган. Башкача айтканда, күз-кыш мезгилин өтүү процесси чарбалык-техникалык иш-чаралардан саясий иш-чарага айланып кеткен.

Түзүлгөн субъективдүү жана объективдүү себептер электр энергиясын экспорттоо боюнча Кыргыз Республикасынын региондогу позициясын иш жүзүндө жоготууга алып келген. Ошондой эле ал региондо болуп жаткан жаратылыштык-климаттык терс өзгөрүүлөрдүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн чегинде иштеп жаткан инфраструктуранын абалы менен шартталган.

2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы 2,15 млрд.кВт/с көлөмүндө болжолдонууда, андыктан Кыргыз Республикасы электр энергиясын коңшу мамлекеттерден сатып алууга мажбур болот. Отун-энергетика комплексинин ресурстарды импорттоого дайыма көз каранды болушу коңшу мамлекеттердин саясатына болгон Кыргыз Республикасынын чабал абалын жаратууда, бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна таасирин тийгизүүдө.

Колдонулуп жаткан дотациялык ыкма жана тармакты түртмөлөп башкаруу андагы чарбалык иштин туруктуу түрдө начарлашына, энергияны үнөмдөө саясатын ишке ашыруудагы жөндөмсүздүккө өбөлгө түзүп, энергиянын альтернативдүү булактарын киргизип, пайдалануунун жолун бууду. Анын айынан улуттук энергетикалык система өзүн-өзү тейлей албай, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун милдеттерин толук чече албаган абалга жетти.

2014-жылы көрүлгөн чаралар, анын ичинде жаңы тарифтик саясатты киргизүү кризистик кырдаалды жоюунун зарылдыгы менен шартталды. Өзгөчө чаралар социалдык-экономикалык жана саясий тобокелдиктердин шартында ишке ашырылды. Ошол эле учурда тарифтерди көтөрүү маселесинде жаңы тарифтик саясаттын ачык-айкын максаттары аныкталган жок жана тарифтерди эсептөөнүн жана белгилөөнүн жүйөлүү методологиясы сунушталган эмес. Өлкөнүн коомчулугуна жана калкына энергетика чөйрөсүндө объективдүү түзүлгөн кризистик кырдаал тууралуу жеткиликтүү маалымат берилген жок. Натыйжада электр энергиясы үчүн тарифтерди көтөрүү чарбалык-экономикалык маселе катары каралбай, айрым саясатчылар тарабынан атайылап саясий деңгээлге көтөрүлдү.

Көмүр тармагын натыйжасыз башкаруусу тынчсыздандырууда. Негизги 70 көмүр кенинин учурдагы потенциалы 2,2 млрд. тоннаны түзөт, бирок отун-энергетикалык комплекси казып алуунун технологиясын модернизациялоого, логистиканы камсыз кылууга, пландаштырууну жана көмүр тармагындагы башка маселелерди чечүүгө жөндөмсүз болуп чыкты. Мамлекеттик саясаттын жоктугу мамлекеттин кызыкчылыгында иштебеген ар кандай компанияларда көмүр казып алуунун жана аны бөлүштүрүүнүн баш-аламан процессин жаратты, бул айрыкча күз-кыш мезгилинен өтүүдө өзгөчө байкалууда.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, энергетика тармагын башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү боюнча оперативдүү чараларды көрүү, иштөө системасынын моделин оптималдаштыруу, ошондой эле көмүр казуу тармагындагы мамлекеттик саясатты өнүктүрүү, Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы милдеттеринин алкагында генерациялануучу кошумча кубаттуулуктарды куруу, энергиянын альтернативдүү булактары жана энергияны үнөмдөө боюнча долбоорлорун ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу В.И. Дилдин жана Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу К.А. Турдубаевдин баяндамасы маалымат катары кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралары канааттандырарлык эмес деп табылсын.

3. Стратегиялык өнүктүрүүнүн төмөнкү багыттарын түзүү менен Кыргыз Республикасынын энергетикалык саясатын кайра карап чыгуу зарылчылыгы белгиленсин:

— Евразиялык экономикалык союздун (ЕАЭС) алкагында келечектеги энергетикалык рыноктун субъекти катары Кыргыз Республикасынын ордун жана ролун аныктоо;

— Евразиялык экономикалык союздун (ЕАЭС) жана эки тараптуу мамилелердин алкагында энергия ресурстарынын импортун жана экспортун кепилдик менен камсыз кылуу үчүн конструктивдүү, өз ара пайдалуу жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келбеген диалогду түзүү;

— Борбордук Азия мамлекеттеринин энергетикалык инфраструктуралык ресурстарынын негизинде жана энергетикалык ресурстарды иштеп чыгуу жана керектөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын өнүктүрүү;

— комплекстүү талдоо жүргүзүүнүн жана божомолдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жана энергетикалык тармакты башкарууну камсыз кылуу;

— өлкөнүн экономикалык артыкчылыктарына жана пландалып жаткан интеграциялык процесстерге ылайык энергетика чөйрөсүндө инфраструктуралык долбоорлорду тездетип ишке ашырууну камсыз кылуу, ошондой эле электр энергиясынын альтернативдик булактарын киргизүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу;

— региондогу өзгөрүп жаткан климаттык шарттарда Кыргыз Республикасынын гидропотенциалын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу каралган суу ресурстарын тескөө стратегиясын иштеп чыгуу жана энергетикалык коопсуздук маселелерин чечүү.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын:

1) Мамлекеттик антикоррупциялык стратегияны ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун (мындан ары – Коргоо кеңешинин жумушчу тобу) сунуштарына жана 2014-жылдын 5-мартындагы энергетика чөйрөсүндөгү системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча деталдуу планга ылайык антикоррупциялык иш-чараларды кынтыксыз аткарууну камсыз кылсын.

Бир айлык мөөнөттө Коргоо кеңешинин жумушчу тобу иштеп чыккан антикоррупциялык иш-чаралардын аткарылышына талдоо жүргүзсүн жана анын жыйынтыктары боюнча пландаштырылган антикоррупциялык маселелерди аткарбаган энергетика секторунун кызмат адамдарына карата чараларды көрсүн.

2) төмөнкү башкы элементтерге негизделген энергетика тармагынын туруктуу иштеген системасын түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды иштеп чыксын жана киргизсин:

– компанияларды бирдиктүү корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүү менен вертикалды түзүү каралган энергетика секторун башкарууну оптималдаштыруу жана мамлекеттин менчигинде турган, Кыргыз Республикасынын энергетика компанияларынын акцияларынын пакеттерин тескөө боюнча укуктарды Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине өткөрүп берүүнү кошо алганда, ашыкча башкаруучулук жүктү жоюу;

– энергетика тармагынын чыгымдарын азайтуу жана кирешелерин көбөйтүү жолу менен активдерди жана ресурстарды натыйжалуу башкаруу, башкаруучу кадрдык курамды түзүүнүн принциптерин жана ыкмаларын өзгөртүү;

3) мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү коомдорду башкаруу органдарына кадрлар резервин түзүүнүн тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актыларга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин ушул чечиминде каралган негизги багыттарды жана башкы маселелерди ишке ашырууну камсыз кылуучу зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана аларды ыкчам тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

4) үч айлык мөөнөттө 2012-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр энергетикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясынын жоболорун карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин ушул чечими менен белгиленген энергетика тармагын стратегиялык өнүктүрүүнүн багыттарын ишке ашыруу боюнча конкреттүү чараларды төмөнкү багыттарды эске алуу менен иштеп чыксын:

– энергетикалык коопсуздуктун маанилүү элементи катары өлкөнүн кен казуу жайларында көмүр казууну туруктуу камсыз кылуу каралган көмүр тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясын иштеп чыгуу жана алдынкы технологияларды колдонууга киргизүү менен аны өндүрүштүк максаттарда колдонуу, көмүрдү керектөөчүлөргө жеткирүү үчүн транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү;

– электр энергиясын үзгүлтүксүз иштеп чыгуу жана гидроэлектр станцияларынын коопсуз иштөөсү үчүн зарыл болгон көлөмдү камсыз кылуу максатында, белгиленген талаптарды аткарбагандыгы үчүн энергетика секторунун кызмат адамдарынын жана жетекчилеринин жоопкерчилигин белгилөө менен энергетикалык объекттер менен байланышкан суу сактагычтардан суунун чектүү жол берилген агызууларын ченемдик укуктук актыларда аныктоо жана бекитүү;

– экономикалык аспекттердин саясий аспекттерге өтүп кетүүсүн болтурбоо, калк үчүн тиешелүү маалыматтык жана түшүндүрүү өнөктүгүн өткөрүү менен коомчулуктун жана энергетикалык тармактын кызыкчылыктарын теңдештирүүнү камсыз кылуу максатында инфляциянын деңгээлин эске алуу менен электр энергиясына негиздүү тарифтерди түзүү;

– мүмкүн болгон тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү жана божомолдоо жолу менен, анын ичинде калк үчүн электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөрдү (кезектеп өчүрүүнү) жоюу максатында күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн системалуулугун камсыз кылуу;

– Кыргызстандын улуттук энергетика системасы үчүн Кыргызстандын жана КМШнын окуу жайларында электр станцияларынын, электр жана жылуулук түйүндөрүнүн энергетикалык (гидравликалык, жылуулук энергетикалык, электр техникалык) жабдууларын эксплуатациялоо боюнча адистерди (инженерлерди жана техниктерди) даярдоо жана кайрадан даярдоо системасын калыбына келтирүү. Бул максаттарда өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык жана Россия Федерациясында жана башка өлкөлөрдө окууга берилген квоталарды эске алуу менен ыкчам тартипте энергетика чөйрөсүндө кадрларды даярдоону уюштурсун;

– республиканын энергетика компанияларында электр энергиясын контролдоонун жана эсепке алуунун автоматташтырылган системасын колдонууга киргизүүгө финансы каражаттарын табуу;

5) финансылык тартыштыктын ордун толтурууну камсыз кылууну эске алуу менен 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилинин туруктуу өтүшү каралган иш-чараларды аткаруунун деталдуу пландарын иштеп чыгуу менен күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү; Токтогул суу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмүнүн топтолушун камсыз кылуу үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБ үчүн отундун (көмүр, мазут, газ) зарыл болгон көлөмүн сатып алууга жана электр энергиясынын импортуна акча каражаттарын табуу;

6) жаңы кубаттуулуктарды тездетип ишке киргизүү, анын ичинде суу ресурстарынан көз карандылыкты азайтуу максатында кубаттуулугу 600-1200 МВт болгон Кара-Кече ЖЭСти куруу жолу менен энергетикалык потенциалды бекемдөө, ошондой эле генерацияны көбөйтүү жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн Сары-Жаз дарыясынын гидропотенциалын өздөштүрүү.

5. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин ушул Чечиминин жоболорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:

– бир айлык мөөнөттө бүткүл тармакты башкаруунун бирдиктүү, шайкеш жана натыйжалуу системасын түзүү максатында энергетика секторун этап-этабы менен реформалоонун программасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин. Ошол эле учурда биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү энергетикалык компаниялардын акцияларынын мамлекеттик пакетин башкаруу укугун Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине өткөрүп берүүгө милдеттүү;

– бир айлык мөөнөттө гидроэлектр станцияларында суунун толтурулушун жана сарпталышын эсепке алуу жана контролдоо механизмин өркүндөтсүн жана бул көрсөткүчтөр жөнүндө калкка үзгүлтүксүз маалымдоону камсыз кылсын;

– үч айлык мөөнөттө кесиптик жарамдуулук талаптарына жооп бербеген же коррупциялык жүйөлөр боюнча ишенимден кеткен адамдарды кызматынан четтетүү менен энергетика секторунда менеджменттин кадрдык курамын чыңдоо боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыксын. Алдыга коюлган милдеттерден улам, энергетикалык тармакты башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында кризис-менеджерлердин тобун тандоону жана түзүүнү ишке ашырсын;

– үч айлык мөөнөттө суу жана отун ресурстары менен камсыз кылуу жана аларды ишке ашыруу үчүн карыздык финансы каражаттарын тартуунун максаттуулугун эске алуу менен жаңы ГЭСтерди жана ЖЭСтерди куруу боюнча (техникалык, финансылык, экологиялык) долбоорлорго туруктуу иштөөсү жагынан милдеттүү түрдө экспертиза жүргүзүүнүн жаңыланган системасын иштеп чыксын жана колдонууга киргизсин;

– 2015-жыл ичинде электр энергиясын башкаруу, контролдоо жана эсепке алуу системасын автоматташтыруу, ошондой эле артыкчылыгы боюнча инфраструктураны реабилитациялоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын;

– 2015-жылдын аягына чейин алдынкы технологияларды эске алуу менен энергия үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулук боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыксын, аларды практикалык ишке ашыруу үчүн энергиянын орду толуп туруучу булактарын (ЭОТБ) колдонуу менен генерациялоону өнүктүрүүнү камтыган зарыл шарттарды түзсүн;

– электр энергиясын үнөмдөөнүн зарылдыгы жана анын тартыштыгынын объективдүү себептери жөнүндө калкка маалымдоо боюнча кеңири маалыматтык өнөктүктү туруктуу негизде жүргүзсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине энергетика компанияларын бирдиктүү корпоративдик башкаруу системасын, бирдиктүү координациялоочу органды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин ушул чечими менен аныкталган негизги багыттарды жана башкы маселелерди ишке ашыруу каралган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун артыкчылыктуу тартипте карап чыгуу сунушталсын.

7. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Коргоо кеңешинин төрагасы А.Ш. Атамбаев

Кыргыз Республикасынын

Коргоо кеңешинин катчысы Т.К. Жумакадыров”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


четыре − 1 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>