Кызматкер болсоң кое кал


img_fon

Шумдугуң кур
Жакында КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалы коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Баткен областтык бөлүмүнүн башчысы Мурзалим Асранкуловго жолдонгон арыздын кыскача мазмуну бизге да жетти. Ал төмөнкүдөй мазмунда экен.

Урматуу Мурзалим Асранкулов мырза, Сизге кайрылуумдун максаты төмөнкүчө: 2015-жылдын 11-апрель күнү, кечки саат 16-00 чамасында, сиздерде эмгектенген Мойдун Абдурахманов аттуу адам менен шаардагы негизсиз жерди басып алуу боюнча тагыраагы 1-кичи райондогу ПЗУ тууралуу сүйлөшүү үчүн, телефон байланышына чыктым.
Бул кишинин телефонун алган адам (үн өзүнүкүнө окшободу) оозго алгыс жаман сөздөрдү сүйлөп, иш туурасында эмес, адамдын абройуна шек келтирген уятсыз сөздөр менен сүйлөп жатты…
Телефондун аркы тарабындагы адам мага бейтааныш болгондуктан, ага өтө таң калуу менен телефонду өчүрүүгө аргасыз болдум. Бир канча мүнөттөн кийин кайра Абурахмановдун телефонуна чыктым. Телефонду алган адам баягы эле сөздөрүн кайталап, оозго алгыз сөздөрүн уланта берди.
Бул ирет да өчүрдүм. Кайра дагы чыктым, ошол мезгилде Абдурахманов өзү телефонду алып, сөздөрүмө араңдан зорго жооп берип, өзүнүн мас экендигин мойнуна алып, суроолорума кийин жооп берерин билдирди.
Жанындагы адам ким экендигин сурасам, айтпай койду. Ызаага толгон учурумдан анын ким экендигине өтө кызыктар болдум. Анын натыйжасында мени тилдеген адам, Сиздердин кызматкериңиздер Абдували аттуу жигит экендигин билдим.
Урматуу Мурзалим Асранкулов, Сиз жетектеген мекемеде кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып (жумуш убактысы бүтө электигине карабай), адамдык факторду эске тутпай жеке адамдын (анын ким экендигине баа бербей) абройуна шек келтирген кызматкер иштеп жаткандыгына өкүндүм.
Же сиздерде мамлекеттик кызматкерлердин этикасы тууралуу такыр эле түшүнүк жокбу? Адам менен иштөө аларга аяр мамиле кылуу туурасындагы мыйзамдарга баш ийбейсиздерби?
Кызматка кабыл алууда, кадрларды тандоодо атайын медициналык кароодон өтүп, анын психалык аң-сезимине доо кеткендиги же кетпегендиги тууралуу маалымат суралбайбы?
Кызматкерлер жумуш убактысында алкоголдук ичимдиктерди ичип алып, иштей берсин деген Өкмөттүн сиздер үчүн атайын көрсөтмөсү барбы?
Чындыгында Сизге берилүүчү суроолор өтө көп бирок, сөзүмдү кыскартып Сизден өтүнөрүм төмөнкүчө:
Менин жеке адамдык абройума шек келтирип, өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылып, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик этиканы билбеген Абдували аттуу кызматкериңизге мыйзам чегинде чара көрүп, анын иш жүзүндө аткарылышын жазуу түрүндө мага билдирип коюуңузду суранам.
Мындай мамлекеттик кызматкер, Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө түздөн-түз терс таасир тийгизерин эстен чыгарбасаңыз.
Катты окуп чыккандан кийин, учурдагы мамлекетик кызматкердин абалы чын эле оорунсуз экендигине ынануу менен аны гезит бетине жарыялоону туура таптык.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


9 + = четырнадцать

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>