Кызыл-Кыя шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өткөрүлүп жатат


img_fon

Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Темир Иметовдун жаркын элесине арналып грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат.
Кызыл-Кыя шаардык дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмүнүн башчысы Азизбек Таштемировдун айтымында, мелдеш 19-20-май күндөрү өткөрүлдү.
Турнирге 14 командадан турган 240 спортчу келди. Алар 27ден 69 кг чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашышты.
Грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын Баткен облусу боюнча төрагасы Имарали Жолдошев турнирдин жеңүүчүлөрү үчүн атайын Т.Иметовдун портрети түшүрүлгөн белги даярдаган. Ошондой эле, шаардык кеңештин атынан да тиешелүү белектер тапшырылды. Мындан тышкары, жеңүүчүлөргө диплом, медалдар жана баалуу белектер ыйгарылды.

Сабыралы Абдукаримов «Мезгил жарчысы»


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


5 − = один

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>