Кызыл-Кыя шаарындагы селге каршы жасалган иштердин натыйжасы


img_fon

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы селге каршы жасалган иштердин натыйжасында сел коркунучу байкала элек, деп маалымдайт аймактык кабарчы. Кызыл-Кыя эки тоонун ортосундагы коктуда жайгашкан. Климаты кургак келгендиктен, сел аз болот. Бирок, улуу муундагы тургундар 1977-жылдагы коркунучтуу суу ташкынын унута элек.
Андагы катуу сел шаардын бир бөлүгүн талкалап, адам өмүрлөрүн алып кеткен. Ошондой сел кийин 1995-жылы жана 2005-жылы кайталанган. Бирок анда каза болгондор катталган эмес. Катуу агым дыйкандардын талааларын жууп кетип, эгинди кайра себүүгө туура келген.
Учурда селге каршы жасалган аракеттерден улам дыйкандарга андай коркунуч жок. Шаарды аралап өткөн дарыянын жээгине дамба курулган. Суу каналдары дайыма тазаланып турат.
ӨКМдин шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Н.Кочкоровдун жана Караван аймактык башкармалыгынын башчысы А.Зулпуевдин айтымында, азырынча сел жүрүү коркунучу байкала элек.

Сабыралы Абдукаримов «Мезгил жарчысы»


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


четыре × = 20

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>