Кызыл-Кыялыктар алдыда


img_fon

Жалал-Абад шаарында Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин жаркын элесине арналган грек-рим боюнча эле аралык турнир болуп өттү. Ага катышып келген Кызыл-Кыя шаарынын ден-тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Азизбек Таштемировдун айтымында, ага 10 күрөшчүдөн турган Кызыл-Кыянын командасы да катышты. Алардын ичинен 8 күрөшчү өздөрүнүн салмактык категориялары боюнча, биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлешти.
1-орунду – Бактыбек Курсаналиев (54 кг), Алимбек Ашимов (58 кг), Нурсултан Орозбаев (69 кг), экинчи орунду – Болот Ибраимов (38 кг), ал эми, 3-орунду Шойыр Шералиев (50 кг), Сапармурат Кадыров (54 кг), Азимжан уулу Эмирлан (58 кг), Мирлан Хайдаровдор (63 кг) алышты.
Ошондой эле, кызыл-кыянын палван билек күрөшчүлөр командасы командалык 1-орунга ээ болушту. Спортчуларды Мурат Шералиев жана Адыл Хамидовдор машыктырат.
Жеңишке жеткен күрөшчүлөр диплом, медаль жана баалуу байгелер менен сыйланышты.

Сабыралы Абдукаримов «Мезгил жарчысы»


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


+ пять = 12

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>