Кыргыз-Кыштак не болот?


img_fon

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын тургундары жоопкерчилиги чектелген ААК «Интер Газ» менен талашка түшкөн газ түтүкчөлөрүнө байланыштуу шайлоодон баш тарта турганын айтып чыгышты. Бул тууралуу Кыргыз-Кыштак айыл кеңешинин төрагасы Абубакир Миталипов билдирди.

Анын айтымында, 19-сентябрда «Интер Газдын» кызматкерлери жергиликтүүлөрдүн макулдугусуз Кыргыз-Кыштак айыл аймагында жаткан газ түтүкчөсүн казып башташкан. Ага тургундар каршы чыгып, 300гө жакын эл чогулган. Эки тараптуу келишпестиктен улам элдер газ түтүкчөсүн казып жаткан тракторлордун ээлерин кууп, «Интер Газдын» кызматкерлерин Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн имаратына алып келишкен.

Ал жерде элдер өз талаптарын айтышып, газ түтүкчөсүн сатуудан баш тартышкан. Жергиликтүүлөр газ түтүкчөсү аркылуу Сох дарыясынан сугат суусун тартып, аталган айыл аймакты суу менен камсыз кылаарын айтышкан. Бул маселе тууралуу жогорку бийлик өкүлдөрүнө чейин кайрылганын айткан жергиликтүүлөр, эгерде элдин талабы аткарылбаса Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын тургундары шайлоого катышпай турганын айтууда.

«Талашка түшкөн газ түтүкчөлөрүнүн узундугу 25 км болсо, бүгүнкү күндө анын 8 миң метри «Интер Газ» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ак-Турпак айыл өкмөтү тарабынан 3,5 млн сомго сатылган. Былтыркы жылы алар Кыргыз-Кыштак айыл өкүмөтүнө да 3,5 млн сом сунушташкан. Бирок биз мындай жолдорго баруудан баш тартканбыз. Андан соң «Интер Газ» жоопкерчилиги чектелген коому газ түтүкчөсү боюнча Баткен обулустук сотуна кайрылып, газ түтүкчөлөрүн казып алсын деген чечим менен утуп чыгышкан.

Алар учурда соттук чечимге таянып, жергиликтүү бюджетке 1,5 сом бере турганын же болбосо акча бербей эле газ түтүкчөсүн казып кете турганын айтууда. Ал эми элдер эгерде газ түтүкчөсүнүн метрине 1000 сомдон төлөп, 17 млн сомго бааласа гана макул боло турганын билдиришкен.

Ага көнбөгөн «Интер Газ» тарап макул болгон эмес. Азыр элдер газ куурларынын сатылышына каршы. Тургундар газ түтүкчөсү аркылуу Сох дарыясынан Кыргыз-Кыштак айыл аймагына сугат суусун тартышат.

Аталган газ түтүкчөсү 1960-жылы Тажикстан аркылуу Өзбекстанга транзиттик жол менен алып өтүүчү Өзбекстанга тиешелүү газ түтүкчөсү болгон», — деди Абабакир Миталипов.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

One comment on “Кыргыз-Кыштак не болот?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× 2 = два

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>