БИЛИМ

Кызыл-кыя гуманитардык-педогогикалык Институтуна 15 жыл

Ар кандай мекеме, уюм же окуу жайы түзүлгөндөн тартып өз тарых-таржымалын баштайт. Анын сыңарындай Баткен мамлекеттик университетинин түзүлгөнүнө 15 жылдын жүзү болду.
Бир жумадан бери 15 жылдыккка карата ар кандай иш-чаралар өтүп, 7-декабрь күнү жыйынтоочу күн катары, ушул окуу жайдын окутуучусу Маматали Мурзаев өзүнүн «Кыргыз элдик педагогикасынын социалдык түзүлүшүнүн өнүгүүсүнүн илимий технологиясынын негиздери» деген темада докторлук ишин талкууга койду. Талкуу түрдүү сунуш пикирлер менен жактырылды.
Андан кийин окуу жайдын 15 жылдыгына арналган салтанатуу кече башталып, аны окуу жайдын директору М. Тайиров ачып, жыйынга келген коноктор менен

Сүрөт автордуку

Сүрөт автордуку

Бардык сүрөттөр →

тааныштырды. Алар: Кыргыз Республикасынын Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. П. Разаков, ЖКтин депутаты А. Г. Бекматов, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык изилдөө башкармалыгынын начальниги филология илиминин доктору, профессор А.М. Джураев, КРнын УИАнын вице-президенти, УИАнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси, биология илиминин доктору, академик Б.А. Токторалиев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Халмурзаев, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А. К. Мадумаров, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары Ж.А. Ураимова, Баткен областык профсоюздар кеңешинин төрагасы А. Т. Казаков, Кыргыз билим берүү академиясынан Д. А. Бабаев, Кыргыз Түрк Манас Университетинин профессору А. А. Алимбеков, Ош мамлекеттик университетинин доценти Ж. Э. Эгембердиев жана башка бир топ кадыр-барктуу инсандар куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, белектерин тапшырышты.
Окуу жайдын эмгек жамаатты өздөрүнүн сиңирген эмгектерине жараша ар кандай наам-сыйлыктарга ээ болуп, жыйындын соңунда студенттер жана окуучулардан түзүлгөн чоң концерт тартууланды.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу