Мүмкүнчүлүктүн чеги жок


img_fon

Кызыл-Кыя шаарындагы «Луч сольнца» коомдук уюму, Финляндиянын «Абилис» фондунун колдоосу менен мүмкүнчүлүгү чектелген энелердин жана балдардын колунан жаралган буюмдардын көргөзмө-жарманкесин өткөрдү.
Фонддун жетекчиси Светлана Халбаеванын айтымында, аталган иш-чара «Кол өнөрчүлүктү үйрөтүү аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энелердин жана балдардын абалын жакшыртуу» долбоорунун алкагында уюштурулган. Долбоорго мүмкүнчүлүгү чектелген 6 ата-эне жана 6 бала катышты. Көргөзмө-жарманкеде колго жасалган жана токулган буюмдар коюлду.
Мындан тышкары иш-чарага лицейдин жана балдарды окутуу борборунун кол өнөрчүлөрү да катышты. Ошондой эле, Кулатов айыл аймагынан келген өнөктөштөр өз эмгектерин көргөзмөгө алып чыгышты.
«Долбоордун башка мүчөлөрүн да окутууну пландап жатабыз. Бул көргөзмө-жарманке тууралуу шаардык аркылуу, шаардык активдердин отурумунда жарыяланып, буклеттер таратылган. Иш-чарага келген кишилер биздин буюмдарды сатып алышты. Буюмдардын баасы анча деле кымбат эмес», — деди С.Халбаева.

Сабыралы Абдукаримов «Мезгил жарчысы»


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


7 − три =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>