Мени корей дегендер да бар экен (фото)


img_fon

img_fonСахна ажары, Бекболот ЮЛДАШЕВ: Мени корей дегендер да бар экен
Кызыл-Кыя шаарында жаңыдан гана эл алдына чыгып, сахна ажарынын даамын татып, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан жаштарыбыздын бири Бекболот Юлдашев жакында, редакциябызга келип маектешип кеткен.
Анын учурда «Сүйүү арманы», «Досума», «Кызыл-Кыя», «Атаке» аттуу клиптери теле берүүлөрдөн байма-бай берилип, жаштардын сүйгөн ырларына айланууда.
 


Фото автора

 
Ошол маекти сиздерге тартуулоону туура көрдүк.

-Бекболот, ырчы болуу, эл алдына чыгып эл жүгүн аркалоо оңой болбосо керек? Кызыл-Кыядан эл көзүнө түшкөн ырчылар аз эле, сен өзүңдү жоготуп албоо үчүн кандай аракеттерди жасап жатасың?
-Ырчылык өнөрканага баш бакканыма бир топ жыл болуп калса да, ырчылык менен эми гана эл алдына чыгып жатам. Өзүмдүн угармандарым, көрүүчүлөрүмдү кандайдыр бир нукта кармап калуу үчүн учурда талыкпай эмгектенүүгө туура келүүдө.
Элдин жүрөгүнөн орун тапкан чыгармаларды жаратып, эл үчүн кызмат кылсам деген тилек көкүрөгүмдө.
Буга чейин Нарынбек Калыбаев, Мажит Бөрүбаев досумдун ырларын дуэт кылып ырдасам, мындан ары жеке ырдап чыгууга бел байлап турам.
-Сахнада биротоло кала алам деп ишенесиңби?
-Буга чейин «экономика жана бухгалтер» кесибин алган элем, учурда КИТЭП БатМУнун финансис кредит бөлүмүндө 4-курста окуйм. Кесибим башка болгон менен жүрөгүм ар дайым ырды эңсеп турат. Азырынча алдын ала бул суроого жооп берүү кыйын экенин мойнума алайын.
-Атайын музыкалык билимиң барбы? Табият берген талант менен эле элге таанылса болот дегенге кандай карайсың?
-Биз азыр 21-кылымда жашап туруп, билимсиз бийиктикке жетүүгө мүмкүн эместигин сезишибиз керек. Кудай тарабынан берилген бир пайыз таланттын, 99 пайызын билим аркылуу издеп табууга болорун мезгил өзү айкындап койбодубу?
Эч кандай билими жок Токтогул, Жеңижок, Арстанбек, Калыгул кыргыз элине таанылганы чындык. Алар өз доорунун адамдары бойдон калып кетеринде, билимдүүлөрдүн аркасы менен бүткүл дүйнө элине таанылганын кантип жашыралы. Андыктан сөзсүз билим алуу зарыл.
Өзүмө келсем, музыкалык билимим жок. Тек гана угуу аркылуу ар кандай музыкалык аспаптарда ойнойм, комуз, гитара, сентизатордо. Ошолордун аркасында обон жазууга аракеттенем.
-Бекболот, чыгармачылыкта аралашып жүрүп, кандайдыр бир кызыктуу учурларга туш келген учурларыңдан айтып берсең, кыздар сага көп көз кысышат болуш керек ээ?
-Кызыктар чынында эле көп болот. Ошолордун ичинен, менин сүрөтүмдү телефондорго, офисттерге тагып алышкандарга таң калгам. Бир жолу бир офиске кирсек, менин сүрөтүм турат. Анын жанындагы кызга карап:
-Бул ким?- десем,
-Корейдин сулуу жигити-деп коет, мени карабай. Чыдабай кетип,-бул менмин да-десем, карап алып жыргап күлүшпөдүбү.
-Жаш, сулуу, сымбаттуу болсоң илип алышат да. Канчага кирдиң?
 


Фото автора

 
-20га чыктым. Татынакай Урматтай деген келинчегим, а түгүл Даниел деген балам да бар.
-Жакынкы аралыкта, элди кандай жаңы чыгарма менен кубантайын деп турасың?
-Кудай буйруса, Асанкалый Керимбаевдин «Жылдызым» атуу ырына клип тарттырып, элге сунайын деген тилек бар. Анан дагы Алтынбек Борошевдин ырын берем го.
-Бекболот, сенин чыгармачылыгыңды кимдер колдоп, кимдер демөөрчүлүк кылышып келет?
-Негизинен эле үйдөгүлөрүм. Өзгөчө апамдын, атамдын мага көрсөткөн колдоолору зор күч-кубат болот. Досторум, бир туугандарым, туугандарым клип тартырууга салым кошуп келишкендигин жашыргым келбейт.
-Бекболот, сага чыгармачылык ийгилик тилейбиз, ар дайым эл көңүлүн көтөрүп жүрө бер.
-Ырахмат, сиздерге да.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити
Нравится

 


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× 2 = шесть

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>