Музейдеги кереметтер


img_fon

Кызыл-Кыя шаардык музейинде колго токулган экспонаттар басымдуулук кылат. Музейге келгендер колго көркөмдөлүп жасалган буюмдарга баа беришүүдө.
Музейдин негизги бөлүмүндө колго токулган килемдин түрлөрү да коюлган. Мындагы килемдердин түстөрү жана ага тартылган сүрөттөр да ар түрдүү. Бардыгы чеберлердин табитинен көз каранды.
«Албетте колго буюм токуу, жасоо бул оор жумуш. Мисалы бир эле килемди токуганга 2 айдай убакыт кетет. Бирок килемдер абдан кооз, сапаттуу жана бышык болуп, көп жылдар бою кызмат кылат», — деди Г.Искандарова. Ал кошумчалагандай, Кызыл-Кыя шаардык музейинин дагы бир өзгөчөлүгү анда жүндөн жип ийрүүчү көптөгөн чарык, колго жип ийриген ийиктер жана улуттук буюмдарды токуучу станоктордун коюлгандыгында.

 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× пять = 40

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>