Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады


img_fon

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

“Улуу Ата Мекендик согушта биздин элдерибиз даңктуу бабаларыбыздын жолун татыктуу улантып, каармандыктын, бийик рухтун, эрдиктин үлгүсүн дүйнө жүзүнө далилдеп берди. Ошол катаал согуш жылдарында каардуу душманды жеңген биздин мамлекеттерибиздин эли арасындагы ажырагыс биримдик түбөлүккө сакталат деп эсептейм”, — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасында жашаган согуш ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине чың ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, ал эми жалпы боордош кыргыз элине тынчтык жана байгерчилик каалады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× шесть = 42

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>