Өлүмгө арачы болгондор


img_fon

Баткен шаарындагы Калкаш Батырканов атындагы каналга агып бараткан жеринен 8 жаштагы окуучуну куткарып калган жергиликтүү тургун Төлөнбай Мадалиев өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сыйланды.

Сыйлык 17-сентябрда Баткен шаарында тапшырылды.
Адам өмүрүн сактап калган эрдик үчүн ыраазычылык билдирген министр Т.Мадалиевге ӨКМдин «Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн» медалын такты.

Базар-Башы кварталынын тургуну Төлөнбай Мадалиев 27-августта фасоль эгилген талаада иштеп жүргөн жеринен 8 жаштагы Кутманбектин каналдын суусуна агып бара жатканын көргөн.

Каналдын суусу тез аккандыктан артынан чуркап жетпей, унаасы менен 1 чакырымдай аралыкка чейин барып, Акжол аттуу жергиликтүү тургун менен биргеликте Кутманбекти суудан чыгарган. Суудан чыгарылган балага 25 мүнөткө жакын жасалма деп алдыртышып, ата-энесине өткөрүп беришкен. Баланын сууга агып бара жатканын 30га жакын адам көрүп, бирок алардын бири да жардам көрсөтүүгө аракет кылбагандыгы айтылууда.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


9 − шесть =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>