Пайзулланын бийиктиги (фото)


img_fon

Пайзулла Абдикаримович Ак-Булак айылында жарык дүйнөгө келип, орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, Ноокат районундагы № 8 -кесиптик техникалык орто окуу жайына кирип, ал жерден «автокрановщик» адистигине ээ болуп чыгат. Бул 1975-1976-жылдар эле. Ошентип Пайзулла агай өзүнүн эмгек жолун 1976-жылы Кызыл-Кыя шаарындагы коммуналдык мекемесинен баштап, жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаа айдап айдоочу болуп калат.
 


 

Сүрөт автордуку

 
Тагдырдын буйругу менен 1983-жылы 5-сентябрынан тарта Кызыл-КЫя шаардык үгүт жана пропоганда бөлүмүнүн сунушу менен № 2-куруучулар лицейине автокран тайпасына өндүрүштүк окутуунун устаты катары которулуп келет. Жаш өспүрүмдөрдү тарбиялап өстүрүү аларды турмуштун чыныгы каарманына айландыруу максатты дал ушул жерден жаралып, 1979-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы «Автомобиль жолдору техникумунун» техник-механик кесибине кирип, аны 1982-жылы бүтүрөт. Өзүнүн билим деңгээлин көтөрүүнү максат кылган Пайзулла агай, андан ары 1987-жылы Свердловск шаарындагы инженердик-педагогикалык институтунун «инженер-педагог» адистигине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктайт.
1998-жылы шаардагы Д. Карбышов атындагы орто мектебине физика мугалими болуп келип, 2006-жылы кайрадан № 70-кесипчилик лицейине которулуп барат.
Мына ошондон бери Пайзулла агай кесипкөй жаштарды тарбиялоо менен, эчен деген жаштарга өз билимин, тажырыйбасын талбай үйрөтүп, талыкпай эмгектенип келет. Эл кадырлаган ардактуу мугалим Пайдулла Курбанов окуу жайда усулдук комиссиянын төрагасы, профсоюздук уюмдун төрагасы катары коомдук иштерди кошо алып барып, ошону менен бирге лицейдин бөлүм башчысы, директордун ӨӨНМИ боюнча орун басары кызматтарын аркалаган.
Элге кылган ак кызмат эске алынып, Билим берүүнүн 3 жолу мыктысына (мындай көрүнүш чанда гана кездешет) татып, Билим жана илим профсоюзунун мыктысы, Кесиптик-техникалык билим берүүнүн мыктысы наамдарына арзыган.
Ал эми окуу жайдын өзүнөн, областтык, республикалык, деги эле кароо сынактардан алган «алкыш баракчаларына», «Ардак грамоталарга» токтолбодук. Анткени аларды санап бүтүү кыйлага турарына ынандык.
Адамдык абийир менен кылган ак кызмат бааланаарын агайдын басып өткөн жолунан даана байкалат. Андыктан жакшы адамдар жаныңда турганда, Ааламдын ачык сырды колдо болорун туйдук.
Сөзүбүздүн аягынада, № 70-кесипчилик лицейинде эмгектенген мына ушундай тажырыйбалуу агайдан дагын даалай жаш жеткинчектер билим алып, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошо берет деген зор ишеним жараларын баса белгилегибиз келет.
Бар болуң, Пайзулла агай, ишиңизди ийгилик коштосун.

Жакшы билип өз ишин,
Кесипти берген жаштарга.
Тынбай иштеп чарчабай,
Башчы болгон маалында.

Жыйынга дайым катышкан,
Чындыкты бетке айтышкан.
Планды түзүп, иш-чара
Бекиткенге ашыккан.

Ак-Булактын кулуну,
Чыкты элге таанылып.
Ак эмгектен сый алды,
Түнү-күнү кажынып.

Айтар сизге ак тилек,
Жылдыз болуп жаныңыз.
Ден соолукта сак болуп,
Жүздөн ашып карыңыз.

Айнагүл МАНСУРОВА, № 70-КЛни кыргыз тили жана адабият сабагынын мугалими

Сабыралы Абдукаримов «Мезгил жарчысы»


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


+ 7 = пятнадцать

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>