МАЕК

Караван айыл башкармасындагы алгылыктуу иштери

АЙЫЛ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

Кызыл-Кыя шаарындагы, Караван айыл башкармалыгынын аймагында 2 айыл жайгашып, анда 2533 кожолукта 13639 калк жашайт. Айыл башкармалыгында 3 орто, 1толук эмес мектеп, 2 ФАП, 2 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу, 2 балдар бакчасы, дагы 1 балдар бакчасынын курулушу аяктап, тапшыруу алдында турат. 2 китепкана, 2 коомдук милиция бөлүмчөсү, 5 ашкана,5 чайхана, 1 мал базар, 5 тегирмен, 2 пилорамма, 2 навайкана, 12 дүкөн жайгашкан.

Караван айыл башкармалыгынын башчысы Айдар Зулпуев Сүрөт автордуку

Караван айыл башкармалыгынын башчысы Айдар Зулпуев
Сүрөт автордуку
Дагы сүрөттөр →

Акыркы 2012-13-жылдары, тагыраагы 2013-жылдын жыл жыйынтыгында айыл башкармалыгы тарабынан айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, медицина, билим берүү, маданият, социалдык обьектилерди реконструкциялоо, ремонттоо, жаңыларын куруу жана калктын турмуш шарттын жакшыртуу боюнча алгылыктуу жумуштар аткарылган.

МИҢ УККАНДАН БИР КӨРГӨН АРТЫК

Караван айыл башкармалыгынын башчысы Айдар Зулпуев биз барганда, өзү чогуу айылды кошо кыдырып, «миң уккандан бир көргөн артык» деп, бизди түрдүү кырдаалдагы, түрдүү кесиптердин адамдарына алып барды. Шыгыратып сандарды жазгандан көрө деп, чыныгы турмуштун казанын кайнатып, каймагын калкыган калк арасына барууга макул болдук.
А дегенде эле жол боюндагы бактардын бутагын кесип жаткан «Тайир-Ата» дыйкан чарбасынын башчысы Назир Кайимовго кез болдук. Ал менен болгон кыска маекте, дыйкандардын алды бак-дарактарды кесип-бутап, а түгүл Өкмөт тарабынан берилген жеңилдетилген жер семирткичтерди чачууну аякташып калгандыгын айтты.
Андан ары фермер Алишер Касымовдун короосуна сапар алдык. Жолдо «Жигулисине» прицеп байлап кык тартып келе жаткан 80 жаштагы карыяга салам айтып, жашоо тирикчилиги жөнүндө сөз козгогонубузда:
-Ушул жигитке ырахмат-деди, Айдар Зулпуевди көрсөтүп. Иштин көзүн билген ушундай жигиттер, элди алдыга сүрөйт. Көзүнчө мактап жатат дебегиле. Азыр айыл башкармалыгында бир топ көзгө көрүнөрлүк иштер болуп жатат. Өзүмдү эле алайын, буга чейин фермер деген эле атым болбосо, чыны колум тушалып турган. Азыр 15 кара малым, 20дан ашык коюм, 4 жылкым, тоок-үндүктөн 50гө жетет. Төл алуу да алдыга жылды. Быйыл эле 40 козу, 10 улак, 8 торпок алдым. Дагы төлдөп жатат.
Күн сайын Кызыл-Кыянын базарына 40 литр таза сүт алып чыгам. Андан сырткары эчкинин сүтүн дарылык үчүн сатам. Киреше жаман эмес. 3 гектар жерди ижарага алып, анын 1.5 гектарына беде, калганына жүгөрү өстүрөм. Тоют маселеси да чечилген. Быйылкы жылкы кыштан кыйналбай чыктык. Өзүмдүн үлүшүмө картошка, помидор эгип алам-деди кубанычын жашыра албай карыя.
-Үй бүлөңүз жөнүндө айтып бербейсизби?-дедик сөз арасында.
-Кемпирим тажик кызы. Аты Соня. 2 кыз, 5 уулум бар. Баары мени тартып фермер-дыйкандар-деди күлүп.
-Айдарды мактап калдыңыз, сизге эмне иш жасап берди?
-Мына бул турган жерди өткөн жылы үч жолу сел алып кетти. Өстүргөн багымдан, эккен эгинимден кур жалак калдым. Ошондо катуу ачуум менен барып урушайын дедим. Барсам тура калып учурашып, арзымды угуп өзү эле эмес, шаар башчысы менен келип, абалыбызды көрүп жай турмушубуз өз нугуна түшкөнчө ушул жерде болгонуна сүйүнүп калдым. Чыныгы эр жигит экен. Эркек деген ушундай болуш керек.

КАРАВАН КУРУЛУШ ИШКАНАСЫНДА

Адырды бойлой ылдыйлап калганыбызда, жол боюндагы гаражга көзүм түштү.
-Бул техсервиспи?-десем,-жок, «Караван курулуш» ишканасы деп тааныштырды Айдар Зулпуев.
Ишканага баш бакканыбызда, андагы техникаларга жан салып, күрү-күү эмгектенип жаткан трактористтер менен айдоочуларга кез болдук. Түрдүү маркадагы тракторлор менен крандар, КАМАЗ авто машиналары кезектеги ишке чыгуу алдында экен.
Крановщик Авазбек Досонов жана тракторист Улук Сүйөров менен маектешип турганыбызда, ишкана жетекчиси Каныбек Мамажалилов келип калды. Айыл башкармалыгынын башчысы бизди тааныштырган соң, кеп кезегин бердик.
-Айыл башкармалыгы тарабынан ушул «Караван курулуш» ишканасын ачуу үчүн 30 сотух жер ажыратылып берилди. 2 трактор, 5 КАМАЗ авто машинасы, 2 кран, 2 эксковатор үчүн гараж куруп алдык. Биздин иштин илгерлөөсүнө айыл башкармалыгы көмөк көрсөтүп жаткандан кийин биз жөн жатмак белек. Учурда айылдагы 1.5 км. жерге шагал төгүп, тегиздеп берили деп турабыз. Андан сырткары ошол эле көчө улай турган 1 км. жолго шагал төгүп, тегиздөөнү мойнубузга алганбыз. Бул биздин айыл башкармалыгына берген бекер жардамыбыз.
Андан сырткары айылдаштар арасындагы бей-бечераларга бекер кум, таш, шагал, топурактан жардам берүүнү парзыбыз катары аткарып келүүдөбүз-деди сыймыктануу менен.
Ишкананын ачылганына жыл айланбай, бир канча адамдардын алкышына ээ болгонун угуп биз да кубандык.

КҮНӨСКАНАНЫН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Айылдын четинен орун алган «Бабур» дыйкан чарбасынын башчысы Момунжан Кудайбергенов куруп жаткан күнөсканага кайрылдык. Анда төрт адам иштеп жатышыптыр. Күнөскана 15 сотух жерге жайгаштырылып, учурда үч бөлүккө бөлүнгөн. Курулуп жаткан күнөскана жакынкы күндөрдө ишке кирип, андан ары дагы 50 сотух жерге чейин узартылат экен. Учурдагы курулушка 200 миң сом сарпталып, анын кирешеси тез эле кайтарымдуу болорун жеке ишкер М. Кудайбергенов бизге мындайча түшүндүрдү.
-Учурда 4500 миң бадыраң көчөттү өндүрүлүп жатат. Ал 20 күн көчөт болсо, андан 25 күн өткөндөн кийин түшүмгө кирет. 45 күндө алгачкы түшүм алынат. Орточо эсеп менен ар бир түп бадыраңдан 5 кг. таза түшүм алууга болот. Быйылкы жылы помидорго үлгүрбөй калдык, күнөскана кечигип курулду. Ошого карабай бадыраң эгүүгө жетиштик.
-Курулушка кеткен чыгымды кайдан алдыңыз?
-«Бай түшүмдөн» кредит алгам.
-Ушунча жерге өзүңүз жетише аласызбы?
-Кайдан? Иним Жанарбек менен келиним Гүлмира кол кабыш кылып жатышат. Кыскасы, жаңы иш орундар ачылды десем жаңылышпайм.
Откана, жылытуучу системаларды орнотуп жатабыз. Мындан ары жылдын төрт мезгилинде миң түркүн жашылчалар калк дасторконуна коюлат. Тынымсыз эмгек, тынымсыз айланган киреше.
-Жогорку билимдүү адиссиз, дыйканчылыктан тажаганда өз кесибиңизге кайткыңыз келген учурлар болгонбу?
-Жер элди багат. Дыйканчылык бул чоң өнөр. Политехти бүткөм. Өз учурунда табылбаган жумуш кечиккен үмүт. Азыркы тагдырыма өкүнбөйм. Ушул менен эле үй бүлөмдү багып келе жатпайымбы. Мындан сырткары мал чарбачылыгым да бар, 30 кой, 15 жылкым менин байлыгым да.
-Күнөскананын артыкчылыгы жана келечеги жөнүндө пикириңизди уксак?
-Күнөскананын эң башкы артыкчылыгы сууну 50 пайызга үнөмдөп калуу, топурактын асылдуулугун сактоо анан жыл бою эмгек менен камсыз болуу деп түшүнөм. Болгондо да кирешелүү ишкана сыяктуу.
Күнөскананын келечеги кең деп ойлойм. Азыркы учурда элдин баары жогорку түшүмдүүлүктү каалашат, андыктан күнөскананы көбөйтүү керек. Ачык жерге караганда отоо чөп, илдеттер аркылуу берилген жугуштуу оорулардан саны кыскарат.

БАЛЫК ЧАРБАЧЫЛЫГЫ

Караван айыл башкармалыгынын башчысы Айдар Зулпуев андан ары бизди «Караван суу сактагычына» алып барды. 10 гектар жерди ээлеп жаткан суу сактагычты бүгүнкү күндө балык чарбачылыгына айландырган жеке ишкер Мурзали Камалов, 1997-жылдан бери бул жерди иштетип келет. Алгачкы жылдары миң тонна балык икрасын төгүп аны жетилсе, учурда анын түшүмүн көрүп жатканын жашырбаган жеке ишкер,
-2013-жылы 500 кгдан ашык балык сатып, 150 миң сомдон ашык таза киреше алганын айтты. Бирок-дейт ишкер- биздин эл, өзүбүздөн чыгарылган экологиялык таза балыктардан көрө, чет элден келген, бир канча айлап тоңдурулган, мөөнөттү өтүп кеткен балыктарды көп пайдаланганына таңмын.
Дайым өзүбүздөн өндүрүлгөн товарлар элдин көзүнө илинбей, чет элдикине ашыкканы кызык-деди өз оюн жашырбай.
Чынында эле ошондой эмеспи, канчалык өзүбүздүкү сапаттуу, шартка ылыйык болбосун, чет элдики көзгө башкача көрүнөт.

ЖИН-ЖИГЕНДЕГИ МАЕК

Сапарыбызды андан ары Жин-Жиген айылына уладык. Жаңы ишке түшүүгө даярдалган ФАПтын имаратты тээ алыстан эле заңкайат. ФАПты көрүп чыккан соң, Караван айыл башкармалыгынын башчысы Айдар Зулпуевге кайрылдык.
-Социалдык обьект катары бул ФАП качан пайдаланууга берилет?
-Мына өзүңөр көрдүңөр, Фаптын курулушу толук колдон чыкты. Кудай буйрусу, Нооруз майрамына карата ишке берсек деп турабыз. Мындан сырткары Караван айылындагы «Чабалекей» балдар бакчасынын ремонт иштери да бүттү алдында турат. Апрель айларында пайдаланууга тапшырсак деген тилек бар.
Жалпысынан алганда эң башкы маселе суу көйгөйү. Тешик-Арык, Ирадан, Бай-Тейит, Топ-Терек, Күңгөй, Орто-Кыштак, Кан-Көл, Сапок сыяктуу суу өтүүчү арыктар тазаланып, эгиндерди суу менен камсыздоо башкы планга чыгып турган кез. Өзүңөр күбө болгондой, бүгүн СПА башчысын алмаштырдык. Жаңы шайланган Жумабек Акматов буга чейин да ушул кызматта иштеген. Тажырыйбалуу жигит. Андыктан азыр ага өзгөчө ишенип турган чагыбыз.
Элдин жашоосун көрдүңүздөр, жаман эмес. Эң башкысы ынтымак менен иш кылсак, өткөн жылдагы ийгиликтерди кайталап эле калбастан, андан да чоң жетишкендиктерге жетүүгө болот.
Сөзүмдү жыйынтыктап айтканда Караван айыл башкармасы, 2014-жылды зор ийгиликтер менен жыйынтыктап, социалдык-экономикалык өнүгүүгө мындан да барандуу салым кошот деп терең ишенем.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу