Президент Алмазбек Атамбаев ардагерлерге «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдарды тапшырды (фото)


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 6-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өтө турган Жеңиштин күнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуучу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуп, «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдарды тапшырды.
 
Смотреть фотографии →
 
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы ардагерлерди келе жаткан майрамы — Жеңиш күнү менен куттуктап, бул майрам кыргызстандыктар үчүн өзгөчө маанилүү болгон жана ар дайым болуп кала берээрин белгиледи. “Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана сиздердин эрдигиңиздерди унутпайбыз. Сиздердин атыңыздар ушул согуштун тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калат,” — деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдарды ардагерлер Мухтар Нургазиев, Сатымкул Садыков, Тенти Тамашаев, Асек Усубалиев, Садила Сейдакматов, Анатай Кутманбетов, Алексей Варавин, Садыбакас Ералиев, Мама Бакиров, Топонбай Чотбаев, Шаабай Шатманов, Арзыкул Мамарасулов жана Курманбек Акунов алышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


+ один = 10

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>