Президент Алмазбек Атамбаев Аскердик парадды 2015-жылдын 9-майында Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында өткөрүүгө токтом кылды


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 25-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Алмазбек Атамбаев өз Жарлыгы менен Аскердик парадды 2015-жылдын 9-майында саат 10-00дө Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында өткөрүүгө токтом кылды. Аскердик парад 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын жана Кыргызстан элинин кошкон зор салымын белгилөөгө арналат.

Президенттин бул Жарлыгында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги генерал-майор Асанбек Алымкожоевке Аскердик парадды кабыл алууга тапшырма берилет.

Аскердик парадда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө кирген аскердик бөлүктөрүнүн жоокерлери жана офицерлери катышат жана аскердик техника жана курал-жабдуулар көрсөтүлөт.

Ошол эле күнү, 2015-жылдын 9-майында, Аскердик параддан кийин Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл коюлат. Андан соң иш чаранын катышуучу ардагерлерине жана меймандарына салт боюнча аскердик-талаа ашканасында даярдалган жоокерлер кашасынан даам сызуу сунушталат.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш жылдары мурдагы СССРдин башка республикалары менен бир катарда Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам же дээрлик ар бир төртүнчү адам салгылашкан. Анын 95 миңден ашууну салгылашууларда курман болгон. 150 миңден ашуун мекендештерибиз төшүнө орден, медаль тагынып кайткан. 73 мекендешибиз ысымын өлбөс-өчпөс кылып, Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наамга татыган. Алардын катарында — дүйнөгө таанылган айтылуу Панфилов дивизиясынын Москваны коргоочулары дагы бар. Оорукта калган абышкалар, аялдар жана балдар фронтко курал-жабдууларды, нан, эт, пахта, согуштун эң оор шарттарында өндүргөн бардык нерселерин жөнөтүп турушкан.

Ардагерлерди урматтоо жана Улуу Жеңишке арналган түрдүү иш чаралар Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


5 + семь =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>