Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги № 82-орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты (фото)


img_fon

img_fonБүгүн, 2015-жылдын 20-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» конушундагы № 82-орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Өз кайрылуусунда Мамлекет башчысы, конуштун жашоочуларын мектептин жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктады, мындан мурда бул мектепке бир нече жолу келгендигин жана курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөп турганын белгиледи.
 


 
Чогулгандардын алдында айткан кайрылуусунда Президент Алмазбек Атамбаев колдоо көрсөткөндүгү үчүн Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевге ыраазычылыгын айтып, бул мектеп Казакстан тараптын эсебинен курулгандыгын билдирип кетти.

Кыргызстан менен Казакстан элдеринин ортосундагы мамилелер өз ара урматтоого жана кыйынчылык учурда бири-бирине колдоо көрсөтүүгө негизиделген деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
 


 
Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев билим тармагындагы жүйөлүү маселелерге токтолуп, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо багытындагы саясатты өзгөртүү, ошондой эле жогорку окуу жайларындагы коррупцияны жоюу зарылчылыгын баса белгиледи.

Жыл сайын мамлекет республикалык бюджеттин 20 % билим тармагына жумшайт, бу да болсо өлкөбүздүн келечегине жумшалган инвестиция деп белгиледи.
 


 
Андан тышкары, Мамлекет башчысы балдардын билимине өзгөчө көңүл бөлүү керек деп кеңеш берди. “Билимге мектептен тартып умтулуп, чет тилдерин үйрөнүү керек. Талыкпай, туруктуулук менен окуганда гана ийгиликке жетсе болот,” — деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы № 82-орто мектептин директору Атыркүл Конушбаевага интерактивдүү доска жана спорттук инвентарларды сатып алууга сертификат тапшырды.
 


 
Аземдин соңунда Алмазбек Атамбаев «Ала-Тоо» конушунун тургундары менен маектешип, ой-пикирлерин, өтүнүчтөрүн угуп, кызыккан суроолоруна жооп берди.

Салтанаттуу аземге Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бейбит Исабаев, Кыргыз Республикасынын билим жана илим министри Элвира Сариева, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов дагы катышышты.

 
 
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү
 
Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


+ 2 = семь

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>