Президент Алмазбек Атамбаев БУУ Башкы катчысынын саясый маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енчаны кабыл алды (фото)


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 13-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын саясый маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енчаны кабыл алып, ага «Даңк» медалын тапшырды.

Мамлекет башчысы Мирослав Енчага ал мурда жетектеген Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча региондук борбору жана жалпы алганда БУУ тутуму менен Кыргызстандын бекем жана ийгиликтүү кызматташтыгына кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
 


 
Фото: автора

 

Өз кезегинде Мирослав Енча Президент Алмазбек Атамбаевге жогорку медалды тапшырган үчүн ыраазычылык билдирип, муну менен жеке салымы гана эмес, Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча региондук борборунун жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын биргелешкен иши да таанылгандыгын белгиледи.

 


 
Фото: автора

 

Президент Алмазбек Атамбаев Мирослав Енчаны БУУ Башкы катчысынын саясый маселелер боюнча жардамчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматта ийгиликтерди каалады. “Жаңы кызматта Сиз демократиялык институттарды бекемдөөдө, Борбордук Азия регионунда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо БУУ менен Кыргызстандын кызматташтыгын активдүү илгерилетүүнү улантасыз деп ишенем”, — деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


пять − 2 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>