Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Аткаруучу директору Юрий Федотов менен жолугушту


img_fon

img_fonБүгүн, 2015-жылдын 24-мартында, Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Аткаруучу директору Юрий Федотов менен Вена шаарындагы БУУнун бөлүмүндө жолугушту.
Фоторепортажды көрүңүз →
БУУнун башкармалыгынын Аткаруучу директору Юрий Федотов Мамлекет башчысын жылуу кабыл алып, Президент менен Венада жолугушкандыгына кубанычта экендигин билдирди. ”Биз эки тараптын кызматташуусун мындан да натыйжалуу жана жыйынтыктуу кылуу үчүн сиздер тараптын маселелерин жана артыкчылыктарын талкуулоого даярбыз. Сиз БУУнун төрт башкы кеңселеринин бирине келдиңиз. Вена эл аралык ири уюмдардын жайгашуусу үчүн жагымдуу борборго айланууда. БУУнун 70 жылдыгы белгиленчү жылы бул жерге сапар тартып келгениңиз жакшы жышаан. Биз Сиздин көңүл бурганыңызды, биздин программаларыбызга Кыргызстанда колдоо көрсөткөндүгүңүздү жогору баалайбыз жана мындан ары да чогуу иш алып барууга даярбыз”, — деди Юрий Федотов.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан конкреттүү программаларга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы баңги заттар трафигине жана кылмыштуулукка каршы күрөш өкмөттүн күн тартибинде эң маанилүү маселелердин катарында турат деп белгиледи. “Ошондуктан биз мындан ары да биргелешкен активдүү ишибизди улантууга тийишпиз”, — деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен мында ары да активдүү биргелешкен иш алып бараарына ишенимин билдирди. “Кыргызстанда көптөгөн алдын алуу иштерин талап кылган баңги заттар трафигине, баңги заттар кылмышына байланыштуу орчундуу маселелер бар. Мен бүгүнкү жолугушуубузга, биргелешкен иштерди талкуулаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө кубанычтуумун”, — деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


6 + = семь

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>