Президент Алмазбек Атамбаев «Экстремизм жана такфиризм – коомго келтирилген коркунуч» Эл аралык I симпозиумунун катышуучулары менен жолугушту (фото)


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 17-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекте өтүп жаткан «Экстремизм жана такфиризм — коомго келтирилген коркунуч» Эл аралык I симпозиумунун катышуучулары менен жолугушту.

Эл аралык I симпозиумдун ишине 17 өлкөдөн келген дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жогорку муфтийликтин, илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, диний жана коомдук ишмерлер катышууда.

Фоторепортаж — Көрүү →
Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев диний чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы тууралуу айтып келип, экстремисттик жана радикалдык идеология менен күрөшүүдө диний ишмерлердин маанилүү ролун белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга дүйнөгө белгилүү руханий лидерлердин жана окумуштуу-аалымдардын келгендиги динге ишенгендерди исламдын тарыхын жана ар дайым экстремизмге каршы туруп келген окумуштуулардын, дин кызматкерлеринин эмгектерин терең окуп үйрөнүүгө түрткү берет деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары кыргыз тарапка бул иш чараны өткөрүү боюнча демилгеси үчүн, Мамлекет башчысына динди өнүктүрүү маселелерине көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Ассалоому алейкум, урматтуу коноктор!

Меймандос Кыргызстанга кош келиңиздер. Ушул кезге чейин жергебизге мынчалык белгилүү жана таасирдүү ислам ишмерлери, аалымдары келген эмес эле. Сиздердин мейман болуп келгениңиздер биз үчүн зор сыймык. Бишкек эл аралык симпозиумуна катышып бергениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Экстремизмдин жана такфиризмдин исламга тиешеси жок экендигин, исламдын атын жамынып алып жасалып жаткан жаман иштер ислам дүйнөсүндө, ыйык Куранда айыпталаарын карапайым мусулмандарга түшүнүдүрүүнүн жолдорун биргелешип табасыздар деп ишенем. Анткени мындай түшүндүрүү иштерин имамдар, аалымдар гана аткара алат.

Урматтуу коноктор!

Улуу жибек жолу өткөн Кыргызстандын азыркы аймагында бир катар тарыхый окуялар өтүп, ар кандай диний агымдар болуп турган. Ошондуктан элибиз өзүнүн диний сабырдуулугу, өлкөбүздөгү бардык этностук топтордун маданиятына, үрп-адатына жана каада-салттарына кылган жакшы мамилеси менен өзгөчөлөнүп турат.

Бүгүнкү күндө да өлкөбүздө дин тутуунун эркиндиги боюнча жарандардын укуктары бекем сакталууда.

Урматтуу коноктор!

Борбордук Азияда ислам Карахан доорунда өзгөчө өнүккөнү белгилүү.

Карахандардын биринчи борбору – Баласагын шаары – азыркы Кыргызстандын аймагында, Бишкек шаарына жакын жерде жайгашкандыгын сыймыктануу менен баса белгилейм. Келерки жылы залкар ойчул, “Куттуу билим” дастанынын автору Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилейбиз.

Эгемендик жылдары ата-бабаларыбыз туткан динди – исламды кабыл алгандардын саны кыйла өстү. Эгерде
1990-жылы республикада 39 мечит болсо, бүгүнкү күндө өлкөбүздө 2362 мечит жана 81 ислам окуу жайы, ошондой эле 68 ислам борбору, фонддор жана бирикмелер бар. Ислам майрамдары убагында Кыргызстандын борбор шаарынын борбордук аянтында 100 миңге чукул мусулман айт намазын окуйт.

Ачык айтайын, айрым карапайым мусулмандар гана эмес, кээ бир имамдар да диндин негиздерин билишпейт. Көп учурда сыртынан такыба көрүнгөнү менен алар билимсиз жана диний жактан сабатсыз болууда.

Анын кесепетинен өлкөбүздө исламдык радикалдуу агымдарга өтүп кеткендер көбөйүп жатат. Алсак, 2010-2011-жылдары Бишкек шаарында жана Чүй облусунда “Жайшуль Махди” уюмунун радикалдуу жихадчылары бир катар терактыларды жасап, адамдар каза болду.

Ошондуктан мамлекет диний чөйрөдөгү маселени олуттуу карай баштады. 2014-жылы диний чөйрөгө, мамлекеттик коопсуздукка тиешелүү маселелерди кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин эки жыйыны өткөрүлдү.

Ошол эле жылы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жаңы Концепциясы бекитилди. Муфтиятыбыздын, мамлекеттик көптөгөн органдардын, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, эксперттердин, теологдордун көмөгү менен жүздөгөн иш-чаралар өткөрүлүүдө. Алардын негизги максаты болуп экстремизмди, терроризмди алдын алуу, жарандардын радикалдуу, бузуку уюмдарга өтүүсүн болтурбоо эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен диний маданиятты өнүктүрүүнүн “Ыйман” фонду түзүлдү. Ал фонд аркылуу салттуу ханафий мазхабын тутунган имамдар үчүн стипендиялар берилет.

Мамлекет конфессиялар ортосундагы мамилелерге өзгөчө көңүл бурууда. Тынчтыкты жана конфессиялар ортосундагы ынтымакты чыңдоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Ошондуктан биз, Кыргызстандын борбор шаарында “Экстремизм жана такфиризм – коомго келтирилген коркунуч” деген Эл аралык I симпозиум өткөрүлүп жаткандыгына сыймыктанып жатабыз. Албетте, бул симпозиумга Сиздердин келгениңиздерге биз абдан кубанычтабыз. Анткени биз Сиздерди исламдын татыктуу өкүлдөрү, аалымдары деп урматтап билебиз.

Кечээ симпозиумда муфтий Равиль Гайнутдин мындай деп айтты (цитата келтирем): “Өзүңдү коргоо үчүн курал алба, билим ал”.

Бул албетте чын сөз! Себеби өз убагында ислам илимге, билимге умтулгандыгы менен адамдардын жан дүйнөсүнөн орун алган.

Дүйнөдөгү байыркы университет Аль-Карауин 859-жылы Мароккодо негизделген. Ошол учурда батыш Европада викингдер жапырык салып, Скандинавия, Чыгыш Европа, анын ичинде азыркы Россия бутпарастыкка батып калган.

Ал учурда ислам дүйнөсүндө имамдарга укук илимин, астрономияны жана математиканы, физиканы билүү талабы коюлган. Мындан тышкары студенттер медицинаны жана музыканы окуп-үйрөнгөн. Бирок андан миң жыл өткөндөн кийин ошол эле университетте диний китептерди жөн гана жаттатып калышкан.

Бул тууралуу өткөн кылымда орус саякатчысы Василий Немирович-Данченко минтип жазган: “Бул жерде окутуучулар: билим каапырга гана керек, ал эми момундарды Жараткандын ырайымы сактайт деп эсептешет”.

Аль-Карауиндин тарыхы ислам дүйнөсү батыш өлкөлөрүнөн миң жыл мурда алдыга эмне үчүн озуп кеткендигин жана эмне үчүн бул артыкчылыгын жоготкондугун көрсөтүп турат.

Ошондуктан бир кезде мусулмандар илимди баарынан жогору коюшкан. Мухаммед пайгамбарыбыз (САВ): “Бир саат илим алуу бир түн ибадаттан артык” деген. Ошол кездерде алгебра, алгоритм сыяктуу түшүнүктөр пайда болгон, мыкты китепканалар түзүлүп, залкар акындар, философтор болгон. Ал тургай азыркы цифралар да ошол кезде жазыла баштаган. Европа бардыгын ислам дүйнөсүнөн окуп-үйрөнгөн.

Бирок тилекке каршы, талаш-тартышта илимди жана маданиятты жактагандар фанатиктерден жеңилип калышкан. Ал эми азыр ошол жеңилүүнүн жыйынтыгына күбө болуп жатабыз. Ошондуктан урматтуу Равиль Гайнутдин туптуура айткан: “Биз курал албай, билим алышыбыз керек”.

Илим өсүп, билим болгон жерде терроризм болбойт. Себеби билимсиздик жана караңгылык – радикализмдин жана терроризмдин башаты.

Сиздер катышып жаткан Симпозиум сыяктуу иш-чаралар бардык мусулмандарга билим дүйнөсүнө жол ачат деп терең ишенем.

Сөзүмдүн аягында Сиздерге ыраазычылыгымды дагы бир жолу билдирип, ишиңиздерге ийгилик каалайм”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


4 + = десять

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>