Президент Алмазбек Атамбаев «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Мекендештер” теледолбооруна акчалай колдоо көрсөттү (фото)


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын чет жердеги мигранттар турмушун чагылдырган “Мекендештер” телекөрсөтүүсүнүн чыгармачыл жамаатын кабыл алып, 200 миң сом акчалай көмөк көрсөттү.
 


 
Фото автора

 
Өлкө башчысы алыстагы мекендештердин турмушунан үзгүлтүксүз кабар алып, алардын күнүмдүк жашоосун чагылдырып турган мындай телекөрсөтүү коомчулук үчүн да, мигранттар үчүн да пайдалуу экенин белгиледи.

“ЭлТР” МТКнын “Мекендештер” теледолбоору 2008-жылдан тартып эфирге чыгып, телеберүүнүн авторлору буга чейин Орусиянын жыйырмадан ашуун шаарларын кыдырып, мигранттар турмушу жөнүндө маалымат берип келет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


− 3 = один

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>