Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды (фото)


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 10-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика жана өнөр жай министри Мамлекет башчысына алдыдагы калкка жылуулук берүү мезгилине энергетикалык системасын даярдоо боюнча жумуштардын башталышы, Токтогул суу сактагычында жетиштүү көлөмдө суу топтоо жана өлкөнүн негизги энергетикалык объекттеринде жүргүзүлүп жаткан ремонт иштери тууралуу маалымат берди.

 


 
Фото: автора

 

Президент Алмазбек Атамбаев жана министр Кубанычбек Турдубаев ошондой эле генератордук кубаттуулуктарды көбөйтүүгө жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган Кыргызстанда ири энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


− четыре = 5

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>