Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Бундестагынын вице-президенти Йоханнес Зингхаммерди кабыл алды (фото)


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 9-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын вице-президенти Йоханнес Зингхаммерди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-германдык кызматташуунун маселелери, ошондой эле парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн абалы жана перспективасы талкууланды. Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү жана демократиялык институттарды бекемдөө маселелерине дагы көңүл бурулду.
 


 
Фото: автора

 
Мамлекет башчысы менен Бундестагтын вице-президенти Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы мамилелердин ыкчам өнүгүүсүн, саясый, парламенттер аралык жана ведомстволор аралык байланыштардын активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Ушул өңүттө Президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга жасаган расмий сапарынын, анын алкагында эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жаңы дем берген Германиянын жогорку жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдүн мааниси баса белгиленди.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия менен саясый диалогду мындан ары тереңдетүүнүн, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн зарылчылыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× один = 1

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>