Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту


img_fon

img_fon2015-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту.

Совместная пресс-конференция Смотреть фоторепортаж →

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы түрдүү тармактардагы кызматташтыктын маселелери, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектри боюнча перспективалар талкууланды.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр аяктаган соң Президент Алмазбек Атамбаев менен Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель биргелешкен пресс-конференция берип, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Тактап айтканда, Федералдык канцлер Ангела Меркель Президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга сапарына кубанычтуу экендигин белгилеп, Германия Кыргызстан менен кызматташтууга, анын ичинде энергетика жана башка тармактарда маселелерин талкуулоого даяр экендигин баса белгиледи. Анын сөзүнө караганда Кыргызстан кыйынчылыктар болсо дагы Борбордук Азия регионунда демократияны түзүүдө туура жолду тандап алгандыгын далилдеп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Федералдык канцлер Ангела Меркель өлкөлөр ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүү бар экендигин, кыргыз-германдык мамилелерин жаңы мазмун, тактап айтканда эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү ортосундагы байланыштар менен толуктоо зарылчылыгын белгилешти.

Жолугушууда ошондой эле эл аралык актуалдуу маселелер, анын ичинде Украинадагы кырдаал талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстан келип чыккан маселелерди дипломатиялык жол менен, өз ара жакшы чечимдерди табуу жолу менен чечүүнү колдой тургандыгын баса белгиледи. “Биз Европада тынчтык болсун, Европа биримдиктүү болушун колдойбуз”, — деп Алмазбек Атамбаев, Европа союзунун өлкөлөрүнүн жана институттарынын бир катар жетекчилери менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр натыйжалуу болгондугун кыстара кетти.

Тараптар Минск макулдашуулардын пакетин процесстин бардык тараптары так аткаруу зарылчылыгын айтышты.

Өз кезегинде Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель Президент Алмазбек Атамбаев менен эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуулар натыйжалуу жана максатка ылайык болгондугун белгиледи. “Кыргызстан Европа союзунун Кытай жана региондун башка өлкөлөрү менен мамилелерине жакшы көпүрө болуп, абдан маанилүү роль ойноп жатат”, — деди Ангела Меркель.

Ошондой эле Германия үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоолорду өткөрүү үчүн керек болгон бардык жардамды берүүгө даяр экендигин баса белгиледи. “Мен Европа союзунун жетекчилери менен сүйлөшүп, биз Кыргызстанга дагы кандай жардам бере алаарыбызды карап чыгабыз”, — деди Ангела Меркель.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель кыргыз-германдык байланыштарды мындан ары тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү колдоорун белгилешти.

Ошол эле күнү түн оодарып Мамлекет башчысы Бишкекке кайтып келди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


четыре + 1 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>