Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Москвага учуп келди (фото)


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 7-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин бейформалдуу жолугушууcуна катышуу үчүн иш сапар менен Москва шаарына учуп келди.
 


 
Келээри менен Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилиндеги эски үлгүдөгү самолетторду көрүп чыкты.

2015-жылдын 9-майында Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чараларга, анын ичинде Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышат.
 


 
Мамлекет башчысы ошондой эле Москва облусунун Волоколамск шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылыш аземине катышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


четыре − = 1

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>