Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Жамбыл облусунда катталган жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандыктардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 20-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 19-апрелде Казакстандын Жамбыл облусундагы Алматы-Екатеринбург жолунда автокырсыктан каза тапкан кыргызстандыктардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аталган окуяга байланыштуу зарыл болгон бардык чараларды тезинен көрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле өлкө башчысы керек болгон каражаттарды өз фондунан бөлүп берүү боюнча буйрук берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


8 + четыре =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>