Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы менен куттуктады


img_fon

“Урматтуу Баткен жергесинин тургундары!
Бардыгыңыздарды облустун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктайм!
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин тушоосу кесилген Баткен облусу мамлекет менен бирге торолуп, өлкөбүз менен кошо оор cыноолорду баштан кечирип келе жатат.
Республикабыздын эң жаш облусунун өнүгүшү жана келечеги дайыма мамлекеттин көңүл борборунда. Акыркы жылдары Баткендин энергетикалык, транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча бир катар иштер жасалды. «Айгүлташ-Самат» линиясы, «Самат» подстанциясы пайдаланууга берилди. Облус энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Ош-Баткен-Исфана автожолунун курулушу аяктоо алдында. Бул масштабдуу долбоорду аягына чыгаруу менен транспорттук көз карандысыздык маселеси чечилет. Баткен облусу менен Кыргызстандын башка аймактарынын ортосундагы байланышы бекемделип, социалдык тейлөөнү жакшыртууга, ишкердикти өнүктүрүүгө жол ачылат.

Кыргыздын татыктуу уулдарынын бири Исхак Раззаковдун кичи мекени — Баткен облусунун келечеги кең. Аны үчүн аймактын айыл чарбасын өнүктүрүп, жаңы өнөр жай, кайра иштетүү ишканаларын, социалдык-маданий объектилерди куруу милдети турат. Бул ишке мамлекет да, облустун тургундары да шымалана киришүүгө тийиш. Мамлекеттин жардамын гана күтпөстөн, ар бирибиз облусубузга, шаарыбызга, районубузга айылыбызга, көчөбүзгө пайдалуу иш жасайлы.

Өрүкзар жергесинин мээнеткеч эли кылымдар бою калыптанган коңшулаштыктын жакшы салттарын улап, көп улуттуу элдердин башын бириктирип, бардык күч аракетин облустун экономикасын, өзгөчө өнөр жайын өнүктүрүп, Баткенди гүлдөгөн өрөөнгө айландырууга жумшайт деп терең ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, ийгилик жана бакубат турмуш каалайм! Кыргызстаныбыз тынчтыкта жана бейпилдикте гүлдөп өнүгө берсин!

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


9 × два =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>