Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын кесиптик майрамы жана өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 23 жылдыгы менен куттуктады (фото)


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 29-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 23 жылдыгына арналган салтанаттуу аземге катышты.

Фоторепортаж: Президент Алмазбек Атамбаев поздравил военнослужащих Вооруженных Сил Кыргызской Республики с профессиональным праздником и 23-й годовщиной образования Вооруженных Сил страны Смотреть →

Аземдин жүрүшүндө Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, өзгөчөлөнгөн 11 аскер кызматчысына президенттик кол саат тапшырды.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

“Жолдош жоокерлер жана сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер, офицерлер жана генералдар!

Урматтуу Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери!

Сиздерди Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 23 жылдыгы менен куттуктайм!

23 жыл мурун, 1992-жылы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет түзүлүп, ага жетекчи болуп генерал-майор Жаныбек Үмөталиев дайындалган. Ошол эле жылы 29-майда Советтик Армиянын биздин аймактагы аскердик бөлүктөрүн өз карамагыбызга алганбыз. Мына ушул күн, 29-май, Кыргызстандын аскер тарыхына Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнү болуп эсептелет.

1993-жылы17-декабрда Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин негизинде Коргоо министрлиги түзүлгөн. Министр болуп генерал-майор Мырзакан Субанов дайындалган. Бирок, ошол эле жылдары мамлекеттик эң бийик трибуналардан Кыргызстанга армиянын кереги жок деген сөздөр айтылган. Өлкө коопсуздугуна ушундай кайдыгер, жоопкерсиз мамиле Куралдуу күчтөрүбүзгө абдан чоң залакасын тийгизген.

1999-2000-жылдарда эл аралык террористтер Кыргызстандын коргонуу жөндөмүн сыноого алганын билесиздер.

Террористтердин Баткен жергесине капыстан басып кириши Куралдуу күчтөргө мамлекет тарабынан башкача мамиле зарыл экендигин көрсөттү.

Бирок, армиябыздын, аскерлерибиздин даярдыгы дагы да көп жылдар бою төмөн болуп келди. Анткени, курал-жарак тартыш болуп, машыгуулар анда-санда гана өткөрүлүп, аскер адистеринин күнүмдүк тиричилик маселелерине, айрыкча турак-жайына көңүл бурулбай келген.

Азыр, албетте, армияга каражат чоңураак бөлүнөт. Анткени бир нерсени эч качан унутпаш керек: “Өз армияны бага албагандар, өз аскерин батырбагандар –бирөөнүн аскерин багат.

Мамлекет өз Куралдуу Күчтөрүн, армия үчүн эч качан каражат аябаш керек. Эч качан атайылап шылтоо издебеш керек, бюджет тартыш дебей. Мындан ары каражаттын баары машыгуу болобу, турак жай болобу, маяна болобу, камсыз кылуу керек. Азыр деле түп тамырынан Куралдуу Күчтөрүнө мамиле өзгөргөн. Азыр жаңы үйлөр салынып жатат. Азыркы күндө Куралдуу Күчтөр үчүн, аскерлер үчүн 700 квартира салынып жатат. Кудай буюрса, жаздан баштап берилип баштайт. Албетте, аскерде реформа өтүп жатат.

Урматтуу салтанаттын катышуучулары!

Азыр өлкөнүн коргонуу жөндөмүн чыңдоого, армиябыздын күч-кубатын арттырууга бардык аракеттер көрүлүүдө. Аскер кызматкерлеринин айлык маянасы барган сайын көтөрүлүп, тиричилик талаптары, айрыкча турак-жай муктаждыктары канааттандырыла баштады.

Аскердик реформа жүрүп жатат. Бүт Куралдуу Күчтөр бир борбордон – Генералдык штабдан башкарылып калды, мурункудай чачырабай.

Кыргызстаныбызда соңку беш жылдан бери тынчтык өкүм сүрүүдө. «Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган” деп “Манаста” айтылгандай, биз тарыхтын тар жол, тайгак кечүүсүнөн өтүп,кайра жаралуу жолуна түштүк. Бул жолдо бизди эч ким, эч нерсе токтото албайт. Элибиз эгемендиктин, мамлекеттин баасын терең сезе баштады. Айрыкча жаштарыбыздын мекенчилдик сезимин көрүп, Кыргызстаныбыздын келечеги кең экенине ишенем.

Бирок, азыр дүйнө тынч эмес, Жакынкы Чыгышта, Ооганстанда,Украинада куралдуу кагылыштар токтобой жатат. Эл аралык терроризм деген чек ара тандабасын көрдүк. Чагымчылдыктын, согуштун жаңы түрлөрү пайда болуп жатат. Жаман айтпай жакшы жок демекчи, чагымчылардан, от жаккандардан сак болууга, андайларга жабыла каршы турууга чакырам. Анткени, от жагуу оңой, аны басуу оор экенин билебиз. Ошондуктан, биз Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо менен бирге Кыргызстандын элинин биримдигин чыңдашыбыз керек. Элди бөлгөндөр ар кайсы этносторду урууларга, региондорго бөлүп, улутту ойлобойт. Урууну ойлобой, улутту ойлойлу.

Товарищи солдаты и сержанты, старшины и прапорщики, офицеры и генералы!

Уважаемые ветераны Вооруженных Сил!

Поздравляю Вас с 23-й годовщиной образования Вооруженных Сил Кыргызской Республики.

Как и вся страна, наша армия за годы независимости прошла непростой путь. Во многом благодаря верности простого солдата своему долгу, самоотверженности настоящих офицеров, сохранились и укрепились наши вооруженные силы.

В этот день мы должны вспомнить тех, кто в самые трудные моменты истории вставал на защиту своей страны. Тех, кто не вернулся с Великой Отечественной. Тех, кто погиб в Афганистане и Баткене. Тех, кто в далеком 37 – м и в апреле 2010-года отдал свои жизни ради свободы и справедливости. Мы должны помнить цену, которую страна заплатила за мир и стабильность.

Мы должны научиться защищать свою страну, свои национальные интересы. Поэтому сегодня мы работаем над реформой Вооруженных Сил страны. Создан Единый центр управления Вооруженными Силами в лице Генерального штаба.

Вооруженные Силы страны начали переоснащаться новым современным вооружением и техникой. Мы уже получили тысячи тонн боеприпасов и вооружения, и получим еще.

Конечно, мы и дальше будем уделять внимание вопросам социального обеспечения и повышения социального статуса военнослужащих. Военнослужащие должны обеспечиваться достойной заработной платой, и не должны думать о жилье для своей семьи.

Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз эли өзүнүн аскерлерин, Куралдуу Күчтөрүн эзелтеден “кол” деп атачу. Аскери жок, армиясы жок элди колу жок адамга салыштырчу. Колу жок адам өзүн же жакындарын коргой албайт.

Кыргызстандын колу бар деп айтсак болот. Биздин Куралдуу Күчтөр, биздин аскерлер, ардагерлер менен сыймыктанам. Мына, 9-майда, Москвадан өткөн Параддан, ачык айтайын, менимче баарынан жакшы биздин аскерлер болду.

Жакында биздин аскерлердин Таджикистандын, Ооганстандын чек арасына барып машыгууларына катышып, Николай Николаевич Бордюжа айтты: “Мыктылардын бири”,- деп. Ошондуктан Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү — колу бар деп айтсак болот. Биз эч кимге кол салбайбыз, бирок бирөөлөр бизге кол салса, тумшукка жейт! Өз элин, өз жерин коргой турган Куралдуу Күчтөрүбүз бар, эр жүрөк аскерлерибиз бар!

Баарыңыздарды дагы бир жолу бүгүнкү майрам менен куттуктайм!

Кыргызстан эч кимдин алдында тизелебейт, кор болбойт. Анткени сиздер барсыздар. Ошондуктан сөздүн аягында баарыңыздарды майрамыңар менен куттуктайм. Чың ден-соолук, узак өмүр, ийгилик, бакыт-таалай каалайм. Аман-эсен болгула, тынчтык болсун!”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


девять − 5 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>