Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн таңкы телеберүүлөрүнүн редакцияларына финансылык колдоо көрсөттү (фото)


img_fon

2015-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Фарид Ниязов өлкөнүн телеканалдарынын жетекчилери жана таңкы телеберүүлөрдүн редакцияларынын продюсерлери менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан аларга жалпы суммасы 600 000 сомду түзгөн акчалай каражатты тапшырды.
 


 
Фарид Ниязов Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан чогулгандарды аткарып жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы тележурналисттердин эмгегин жогору баалап, айрыкча таңкы программалардын маанисин баса белгилээрин айтты.
 


 
Фото: автора

 
Президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязовдун айтымында, учурда Кыргызстан сыноолордон өтүү менен кайра жаралууну баштан кечирип жаткандыгын ар дайым баса белгилеп келет. “Бизде бийликти жана мамлекеттик органдардын ишмердигин сындоого көптөгөн обьективдүү себептер бар. Кыйынчылыктар көп, бирок алардан өтүш үчүн жарандарда жакшы маанай болууга тийиш. Сиздер жана сиздердин таңкы берүүлөрдүн кызматкерлери жагымдуу маанай түзүп, жакшы иштерге багыттаганыңар абдан баалуу. Мына ушул иште сиздер олуттуу эмгек жасап жатасыздар”, — деди Президенттин кеңешчиси.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Мамлекет башчысынын атынан катышуучуларга жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, өлкөбүздө ар бир таңыбыз бейпил жана кутмандуу болушун каалады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык, Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан өлкөнүн негизги телеканалдарында көрсөтүлгөн таңкы берүүлөрдүн редакцияларына жалпы суммасы 600 000 сомдук финансылык жардам бөлүндү (ар бир редакцияга 150 000 сомдон). Колдоо көрсөтүлгөн студиялар: КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Замана” студиясы, КР “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Кутман таң” телеберүү редакциясы, ”5 канал” жабык акционердик коомдун «Утро на 5» телеберүү редакциясы, «Независимая телевизионная сеть» телерадиокомпаниясынын «Утро Live» телеберүү редакциясы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


+ 1 = два

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>