Президент Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевди Казакстандын Президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктады


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 27-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы куттуктоо телегараммасында Нурсултан Назарбаевдин шайлоодогу ишенимдүү жеңиши мамлекет башчы кызматындагы сиңирген эмгегин Казакстан эли жогору баалагандыгын, мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө багытталган жана анын эл аралык аренадагы кадыр-баркын бекемдөө үчүн жүргүзгөн саясаттагы жана экономикадагы реформаларына жогорку деңгээлдеги ишенимин дагы бир ирет ырастаарын белгиледи.

“Мындан ары да биргелешкен аракеттер менен биз Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бир туугандык мамилелерди, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү ара тараптуу өнүктүрөбүз деп ишенем”, — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевге чың ден-соолук жана жооптуу кызматта алдыга коюлган бардык максаттарга жетишүүдө албан-албан ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине — тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


четыре × 5 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>