Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту (фото)


img_fon

img_fonБүгүн, 2015-жылдын 16-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Санкт-Петербург шаарында жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки Мамлекеттин башчылары кыргыз-россиялык кызматташуунун соода-экономикалык, инвестициялык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Россиянын Президенти Владимир Путин биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жана Евразиялык экномикалык союздун алкагында эки тараптуу өз ара аракеттешүү боюнча пикир алмашышты.

 


 
 


Фото автора

 

Россиянын Президенти Владимир Путин алдыдагы экономикалык интеграциянын маселелерине токтолуп, негизги максат Кыргызстандын экономикасы Россиянын, Казакстандын, Белоруссиянын, Армениянын экономикасына ыңгайлашуусу деп белгиледи. “Албетте, мунун баары – чечилүүчү маселе, канчалык тез ишке ашырсак, ошончолук бизге жакшы болот”, — деди Россиянын Президенти.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга белгиленген мөөнөттө кошулууга кызыкдар экендигин белгиледи . “Бизде бажы чек аралары орнотула элек мезгилди эсинде сактаган көптөгөн фронтовиктерибиз бар. Албетте, бүгүн топтолгон маселелерди талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар”, — деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчылары көп тармактуу кыргыз-россиялык кызматташууну мындан ары бекемдөөнүн жана өнүктүрүүнүн зор маанисин белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү
Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


восемь + = 9

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>