Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинге, ошондой эле Хакасиянын Башчысы Виктор Зиминге Хакасиядагы өрттөрдүн кесепетинен адамдар курман болгонуна байланыштуу көңүл айтты


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 14-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге, ошондой эле Хакасия Республикасынын Башчысы Виктор Зиминге Хакасия Республикасында өрттөрдүн кесепетинен болгон курмандыктарга жана олуттуу кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты.

“Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атыман каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, ушул кырсыктын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айткан телеграммасында.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


7 + = пятнадцать

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>