Президент Алмазбек Атамбаев Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алды (фото)


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 29-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Швейцария Конфедерациясынын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алды.
 


 
Жолугушуунун жүрүшүндө банк жана финансы чөйрөлөрүндөгү кыргыз-швейцариялык кызматташтыгынын маселелери, ошондой эле түрдүү эл аралык финансы институттары алкагында мындан аркы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн перспективалары талкууланды.
 


 
Томас Йордан эки өлкөнүн Улуттук банктары көп жылдар бою активдүү кызматташаарын белгилеп, өз ара аракеттенүүнүн түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун ийгиликтерин баса белгиледи. Ал ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин Швейцарияга болгон расмий сапары мамилелердин өнүгүүсүнө дем берип, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирээрине ишенимин билдирди.
 


 
Сүрөт: автордуку

 
Президент Алмазбек Атамбаев швейцариялык тарапка көрсөтүлүп жаткан колдоого ыраазычылык билдирип, мындан аркы, тактап айтканда Швейцария менен Кыргызстандын борбордук банктары ортосунда тыгыз кызматташтыкка ишенимин билдирди. Мамлекет башчысы финансы жана банк чөйрөсүндө швейцариялык тажрыйбаны үйрөнүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


9 − = семь

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>