Президент Алмазбек Атамбаев Волоколамск шаарында Дүйшөнкул Шопоковго эстелик бюстун ачуу аземине катышты (фото)


img_fon

2015-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарына иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Москва облусундагы Волокаламск шаарында жоокер-панфиловчу, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковго эстелик бюстун ачуу аземине катышты.
 
Смотреть фотографии →
 
Эстелик бюсту Москва облусунун Волокаламск шаарындагы Октябрь аянтында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун Мемориалдык комплексинде орнотулган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Москва облусунун жетекчилерине, Дүйшөнкул Шопоковго эстелик бюстун эң ардактуу жерге — Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун Мемориалдык комплексинде орнотууга катышкандардын бардыгына зор ыраазычылык билдирди.

Жакында белгилене турган Жеңиштин майрамы, анын тарыхый мааниси тууралуу кеп кылып келип, Мамлекет башчысы Жеңиш мурдагы Советтер Союзунун көп улуттуу элдеринин биримдиги, каармандыгы жана майтарылбас эрки менен келгендигин белгиледи.

“Жеңиш зор кыйынчылыктар менен келди. Бир жарым миллион калкы бар Кыргызстандан кан майданга 365 миң жоокер аттанган, расмий маалыматтар боюнча алардын ар бир төртүнчүсү согуштан кайтпай калган”, — деди Президент Алмазбек Атамбаев жалпы Жеңишке кыргызстандыктардын кошкон салымын баса белгилеп.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге согуштун алгачкы жылдары Россиядан Кыргызстанга 140 миңден ашуун адам эвакуацияланган, алардын бардыгы кыргыз жеринде жакшы кабыл алынып, блокадага калган Ленинграддан келген көпчүлүк балдар жаңы ата-энелүү болгондугун белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев айткандай, азыркы муун дагы жалпы Мекенибизди бирге коргогон аталарыбыз, чоң аталарыбыз мурас калтыргандай биримдикте болууга тийиш. “Кыргызстандын Россия менен тыгыз кызматташтыгы улуттук кызыкчылыктар жана жалпы тарыхыбыз менен шартталган. Тарых бизге жалпы келечек үчүн бекем негиз берет. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоо жана биздин интеграциялык бирикмелерге кошулуу боюнча умтулуубуз — аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын каармандыгынын жана баатырдыгынын ырааттуу уландысы. Биздин тарыхыбыз бир. Келечегибиз дагы чогуу болот деп ишенем”, — деп белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

Ардагерлерге жана иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы чың ден-соолук жана узак өмүр каалады.

Аземдин соңунда Президент Алмазбек Атамбаев менен Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин Мемориалдык комплексине өтүп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, түбөлүк отко гүл коюшту.

Иш-чарага ошондой эле Россия Федерациясынын Федералдык Бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасы Виктор Заварзин, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Россия Федерациясынын аскердик жогорку окуу жайларынын курсанттары, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана Волокаламск шаарынын жашоочулары дагы катышышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


девять − 1 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>