Президент Алмазбек Атамбаев Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо чаралары жөнүндө Жарлыкка кол койду


img_fon

img_fonПрезидент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү стипендияларды айына 10 000 сомго чейин көбөйттү. Андан тышкары, Жеңиштин 70 жылдыгына карата согуштун ардагерлерине жана алардын жесирлерине президенттик фонддон бир жолу 10 000 сомдон төлөнүп берилет.
Бүгүн, 2015-жылдын 23-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин зор эрдигине терең таазим этип, аларга кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк акы 3000 сомдон 7000 сомго чейин көбөйөт.
Өмүр бою берилүүчү стипендиянын жалпы өлчөмү ушул жылдын 1-майынан тартып айына 10 000 сомду түзөт. Анын ичинде 7000 сом президенттик фонддон жана 3000 сом республикалык бюджеттен төлөнөт.
Ошондой эле, Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдалышына карата 10 000 сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул согуштун катышуучуларына жана ардагерлерине, курчоодогу Ленинградды коргогондорго, концлагерлердин туткундарына, Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жана жесирлерине төлөнөт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


восемь + 3 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>