Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты (фото)


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 8-майында, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын бейформалдуу жолугушуусу аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты.
 
Смотреть фотографии →
 
Жыйынга ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян дагы катышты.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан өткөн жылдын декабрындагы жолугушуудан кийин Евразия экономикалык союзуна толук кандуу кошулуу үчүн макулдашылган тиешелүү бардык иш чараларды жүзөгө ашыргандыгын белгиледи.

“Кыска мөөнөттүн аралыгында Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзуна кошулуусу тууралуу Келишимдин Протоколдору иштелип чыгып, макулдашылды. Евразиялык экономикалык комиссиянын стандарттарына жооп берген бажы постторун, өткөрүү пункттарын жана лабораторияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууга көп күч жана ресурс багытталды.

Ушуга байланыштуу кыргызстандык кесиптештерине жалпы максатка жетүүдө көмөк жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн Союздун мүчө-мамлекеттеринин жана Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип койгум келет”, — деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев белгилегендей, Кыргызстандын келишимдик-укуктук базасын Евразиялык экономикалык союзунун стандарттарына шайкеш келтирүү үчүн өлкөбүздүн парламенти тиешелүү мыйзамдардын толук пакетин кабыл алды. Ошол эле учурда Бажы союзуна, Европа экономикалык мейкиндигине жана Евразиялык экономикалык союзуна кошулуусуна байланыштуу маселелерди талкуулоого жана чечүүгө Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышышкан.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында сүйлөп жатып Мамлекет башчысы интеграциялык процесстерге кошулуунун алкагында дагы, эки тараптуу негизде дагы Кыргызстанга көмөк көрсөткөн россиялык жана казакстандык тараптарга өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан жарандары улуу майрамдын — Жеңиштин 70 жылдыгынын алдында Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзуна толук кандуу катышуучусу болуп калат деп чыдамсыздана күтүп жатышкандыгын белгиледи.

“Азыркы жыйындын жүрүшүндө биз Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзуна кошулуусу тууралуу Келишимдин Протоколдоруна кол коебуз”, — деди Мамлекет башчысы.

Сөзүнүн соңунда Президент Алмазбек Атамбаев бардыгын ыйык майрам – Жеңиш күнү менен куттуктады.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын соңунда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулуусуна байланыштуу төмөндөгү документтерге кол коюлду:

— 2014-жылдын 29-майында Евразиялык экономикалык союз тууралуу Келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союзу тууралуу Келишимге кошулуусуна байланыштуу Евразиялык экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдер тууралуу Протокол.

— 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз тууралуу Келишимди, Евразиялык экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союзу тууралуу Келишимге кошулуусуна байланыштуу Евразиялык экономикалык союзунун органдарынын актыларын Кыргыз Республикасы колдоно турган шарттар жана өткөөл жоболор жөнүндө Протокол.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


4 − = один

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>