Президент Алмазбек Атамбаевдин 2005-жылдын 24-мартындагы революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу


img_fon

img_fon

“Урматтуу мекендештер!

Мындан он жыл мурда, 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстан эли дүйнөгө эркиндикти, адилеттикти туу тутаарын ачык көрсөттү. Бийликке тизелеп жашагыча, жаркын келечек үчүн тикесинен туруп жанын берүүгө даяр экендиги далилдеди.
2005-жылдын 24-мартындагы революцияга ошол кездеги бийлик башчысынын уятсыз саясаты түрткү болгон. Ондогон жылдар бою бийлик экономиканы кыйратып, элдин турмушун жакырлантканы аз келгенсип, өлкөнүн улуттук байлыктарын талап-тоногон. Өзгөчө үй-бүлө мүчөлөрүнүн байышына даңгыр жол ачкан.
Он жыл мурда, кезектеги парламенттик шайлоодо бийликтин адилетсиздиги жана көз боемочулугу карапайым элдин кыжырын кайнатып, чыдамын түгөттү. Эл бийликтен биротоло үмүтүн үзгөн. Өлкөнүн бардык аймактарында каршылык акциялары өтүп жатты.
Кыргызстан эли үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы жапырт көтөрүлдү! Чындыгында эле бул жалпы элдик кыймыл болуп, өлкөнүн бардык аймагын кучагына алды. Элибиз революция жолу менен бийликти алмаштырды.
Эл жеңишине жетине албай, уурулукка белчесинен баткан үй-бүлөнү өлкөдөн кууп таштаганына кубанып жатты.
Тилекке каршы Кыргызстан элинин адилеттикке жана калыс бийликке болгон үмүтү тебеленип-тепселди. Экинчи президенттин үй-бүлөсү мурдагыдан дагы коррупцияга катуу чырмалды. Балдары, бир туугандары мамлекеттик эң чоң кызматтарга дайындалып, криминал менен коюн-колтук алышып кетти. Кыргызстанды талап-тоноого чет элдик аферисттерди кошо аралаштырышты. Ошол кездеги бийлик баш көтөргөн депутаттарды, оппозиционерлерди, журналисттерди жана ишкерлерди өлтүрүп, бычактап, уруп-сабаганын элибиз али унута элек.
Эзелтен эркиндикти туу туткан Кыргызстан эли мындай чыккынчылыкка чыдабады. 2010-жылдын жазында өлкөбүз боюнча оппозициянын нааразычылык акциялары өткөрүлдү. Бийлик буга репрессиялар менен жооп берип, адатынча коркутуп-үркүтүүгө өттү. Ал эми 7-апрелде карапайым эл адилеттүүлүктү талап кылып митингке чыкканда, канкор режим демонстранттарды карай ок атууга буйрук берди. Ага карабай өлүмдөн жалтанбаган калкыбыз Апрель элдик революциясын ишке ашырды
2010-жылдын 7-апрели — Кыргызстандын кайра жаралуу күнү. Өлкөбүздө эркин, демократиялуу шайлоолорго жол ачылды. Коррупцияга каршы мурда болуп көрбөгөндөй аеосуз күрөш башталды. Мамлекеттин энергетикалык, транспорттук, азык-түлүк көз карандысыздыгын камсыз кылууга чечкиндүү аракеттер көрүлүп, аскердик реформа жүргүзүлүп жатат. Мамлекет карапайым адамдардын жашоосун жакшыртууга чындап көңүл бөлө баштады.
Бирок бийлик да, коом дагы 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги элдик революциялардан сабак алууга милдеттүү. Мамлекет өлкөнүн карапайым калкына таянганда гана бийлиги натыйжалуу болот. Бийликтин күчү — элдин ишениминде. Ал эми карапайым жарандар депутаттарды жана өлкөнүн Президентин шайлоого өтө жооптуу мамиле жасоого тийиш.
2002-жылдагы Аксы окуялары, 2005-жылдын Мартындагы жана 2010-жылдын Апрелиндеги элдик революциялар элибиздин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүнүн каарман барактарына айланды. Биз муну эч качан эстен чыгарууга акыбыз жок. Ата-бабаларыбыз, өз өмүрүн курмандыкка чалган мекендештерибиз кыялданган — эркин жана гүлдөп өнүккөн Кыргызстан курууга милдеттүүбүз!

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


пять + = 12

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>