Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу


img_fon

“Урматтуу дене тарбия, спорт кызматкерлери, спортсмендер, машыктыруучулар жана педагогдор!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү жана өлкөнүн башкы спорттук уюмунун 90 жылдык мааракеси менен куттуктайм!

Мындан 90 жыл мурда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө алгачкы мамлекеттик орган — Жогорку дене тарбия кеңеши түзүлгөн, анын жолун жолдоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги болуп калды.

Бул жалпы элдик майрам. Анткени спорт улуту, дини жана саясий көз караштары ар түрдүү болгон адамдарды, дене тарбия менен спортко кайдыгер карабагандарды, сергек жашоо мүнөзүн алып жүргөндөрдү бириктирет.

Дене тарбия жана спорт адамдарга ден-соолук, күч-кубат, сулуулук, жакшы ой жүгүртүүнү берет. Адамдын эркин, мүнөзүн калыптандырып, ар бир адамдын жашоо-турмушунда болуучу оорчулуктарды жеңип чыгууга үйрөтөт.

Улуттун саламаттыгы бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп саналат. Биз мамлекеттикти бекемдөө менен дене тарбияга жана спортко көбүрөөк көңүл бурушубуз зарыл. Башкы максатыбызга — күчтүү, гүлдөп өнүккөн Кыргызстанды куруу үчүн мамлекетибизге ден-соолугу чың, күч-кубаттуу адамдар керек!

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, жигердүүлүк жана көз карандысыз Кыргызстандын даңкын алыска чыгаруу үчүн жеңишке жетүү үчүн эрктүү болууну каалайм!

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев”

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


1 − = ноль

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>