Президент Кызыл-Кыяда


img_fon

Президент Алмазбек Атамбаев 17-сентябрда Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү менен да таанышып чыкты.
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында болду.Президентти Баткен облусунун губернатору Жеңиш Разаков, Кызыл-Кыянын мэри Абиш Халмурзаев, шаардык кеңештин төрагасы Асылбек Маткалыков, аймактык оорукананын директору Абдурасул Жаныбеков, үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Айгүл Турдубекова, шаардык кеңештин депутаты Сайдолимжан Жураев жана башкалар коштоп жүрүштү.
Иш сапарынын жүрүшүндө президент аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө болду. Бул жактан аны дарыгерлердин жамааты жана медициналык колледждин директору Марат Абдурахманов, ошондой эле студенттер тосуп алышты. Президент чогулгандар менен жолугушуп, алардын өтүнүчтөрүн жана каалоолорун укту.
Гинеколог-дарыгер Людмила Суглина президенттен баасы 3 миллион сомдон ашык турган жаңы жабдыктарды алууга жардам берүүнү өтүндү.
А.Атамбаев жакынкы аралыкта бөлүмдүн дарыгерлеринин өтүнүчүн аткарууга убада берди.
28 жаштагы гинеколог-дарыгер Денис Крыловский шаардын жаштары үчүн спорт комплекс куруп берүүнү өтүндү.
Өз кезегинде президент орусиялык «Газпром» компаниясынын республикага мындай спорт комплекс куруу сунушу бар экендигин билдирди. Бул сунуш кийинки жылдын күз айына чейин Кызыл-Кыя шаарында ишке ашырыла тургандыгын айтты.
Президент анын фондунан шаарда эки балдар аянтчасы курулгандыгын айтып, дагы кошумча аянтчалардын зарылчылыгын сурады.
Невропатолог-дарыгер Татьяна Грошева А.Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, ден соолук, бакыт жана ийгилик каалады.

 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


6 − один =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>