Президенттин Карылардын эл аралык күнү менен куттуктоосу


img_fon

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу мекендештер, согуштун жана эмгектин ардагерлери!

Сиздерди Карылардынэл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Эзелтен кыргыз эли карыларын кадырлап, ата-энени урматтап, аялдарды сыйлап, балдарды аздектеп келген. Ушул асыл сапатты нечен кылымдардан бери аздектеп, муундан муунга өткөрүп сактаган.

Аймактарга иш сапар менен барганымда дайыма аксакалдар менен учурашкан сайын өзгөчө жылуу сезимдерге туш болом. Сиздердин аталык мээримиңиздерди сезем, нарктуу кептериңиздерди угуп, жан дүйнөмдү байытам.

Сиздер Кыргызстандын элине күжүрмөн эрдиктин, талыкпай эмгектенүүнүн, чыныгы мекенчилдиктин, акылмандыктын үлгүсүн көрсөткөн жаратман муунсуздар. Сиздер өлкөнүн келечеги үчүн иштедиңиздер. Республикабыз бүгүнкү күндө да сыймыктанган ийгиликтер, жаңы жөрөлгөлөр сиздердин колуңуздардан жаралган.Биз сиздердин алдыңарда карыздарбыз, сиздерди эч нерседен кем кылбай камкордук көрүү – мойнубуздагыыйык парз.

Сиздердин өтөлгөлүү өмүр, кажыбас кайратыңар, мекенчилдигиңер жаштарыбызга өрнөк. Чарчадым-чаалыктым дебей көпчүлүгүңүздөр азыр дагы коомдук иштерге жигердүү аралашып, эмгектенип, небере-чөбөрөлөрдү тарбиялап, үй-бүлөгөтирек болуп жүрөсүздөр.

Ардактуу ардагерлер,сиздерге терең таазим кылабыз!Сиздер бар – ырысыбыз бар! Элдин куту –сиздер! Кыргызстандагы ынтымактын, биримдиктин данакери, каармандыктын жана сабырдуулуктун үлгүсү болуп арабызда жүрө бериңиздер!

Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бак-таалай каалайм! Неберелердин күлкүсү кубандырып, жашооңуздар жакшылыкка, урмат-сыйга, камкордукка бөлөнсүн!

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


четыре × 7 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>