Профсоюздун төрайымы Молдовада болду


img_fon

img_fonКызыл-Кыядагы мугалимдер профсоюзунун төрагасы М.Буванова Молдова Республикасындагы 5 күндүк семинарга катышып кайтты. Февраль айынын аягында Молдова Республикасынын Кишинёв шаарында Кызыл-Кыя мугалимдер профсоюзунун төрагасы Малика Буванова 5 күндүк семинарга катышты. Семинар «Аялдардын татыктуу эмгек укуктары жана мүмкүнчүлүктөрдүн тең укуктарын алдыга жылдыруу: тажрыйба жана перспективалары» деген темада өткөрүлдү.
Кыргызстандан семинарга профсоюздун 7 өкүлдөрү катышышты. Семинарда социалдык өнөктөштүк; жамааттык келишим — профсоюздун негизги инструменти; аял — профсоюз уюмдарынын лидери; гендердик теңчилик маселелери каралды. Семинардын катышуучулары тегерек столдо иштешти. Аялдар үчүн тең укуктуу шарттарды түзүп берүү менен профсоюздук стратегия иштеп чыгышып, аларды көрсөтүштү. Программанын жыйынтыгы Кишинёв боюнча экскурсия менен аяктады. Семинардын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× девять = 45

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>