Салык кодексине толуктоолор киргизилди


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты — мектепке чейинки билим берүү уюмдар жана кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүү тармагындагы ишкердикти колдоо үчүн шарттарды түзүү.

Мыйзам менен жеке менчик бала бакчаларды жана кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелерди пайда салыгынан, КНСтен жана сатык салыгынан бошотуу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


пять + 9 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>