Шопоков шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышы


img_fon

Президент Алмазбек Атамбаевдин Шопоков шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышы менен куттуктоосу:

Бүгүн, 2015-жылдын 8-майында, Чүй облусунун Шопоков шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышына катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Ардактуу согуштун жана эмгектин ардагерлери!

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн кыргыз элинин татыктуу жигиттеринин бири Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковго туулган жеринде эстелик ачылып жатат. Салтанаттын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына туш келгени жакшы жышаан.

Улуу Жеңиш бизге өтө оор жоготуулар менен, көп кыйынчылыктар менен келди. Кыргызстан эли кан майданга 360 миңден ашуун эр азаматын аттандырган. 95 миң жоокер согуш талаасынан үйүнө кайтпай калды. 73 мекендешибиз ысымын тарыхка түбөлүккө калтырып, Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татыган. Дүйшөнкул Шопоков ошол эр жүрөк жигиттерибиздин бири.

Дүйшөнкул Шопоков айтылуу Панфилов дивизиясынын катарында СССРдин борбору Москва шаарын коргоого катышкан. Дубосеково разьездинде 28 панфиловчу мекендештерибиз фашисттердин 50 танкына каршы турган. Жоокерлердин бири калбай курман болсо дагы, душмандын танктын Москвага өткөргөн эмес. Ошол эрдиги үчүн 28 панфиловчуга Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Жеңиштин 70 жылдык майрамы алдында Москвадагы Дубосеково разьездинде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун Мемориалында баатыр-панфиловчу Дүйшөнкул Шопоковдун бюсту орнотулду. Россия эли дагы биздин баатыр жоокерлерибизге терең таазим кылып, урмат көрсөтүүдө.

Кыргызстан эли Дүйшөнкул Шопоков өңдүү татыктуу уулдарын эч качан унутпайт. Баатырларыбыз өсүп келе жаткан жаштарыбызга эрдиктин, каармандыктын жана Мекенге берилип кызмат кылуунун бийик үлгүсү болуп кала берет. Эстеликтери орнотулуп, ысымдары шаарларга ыйгарылып, элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө жашай берет.

Урматтуу мекендештер!

Баардыгыңыздарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Фашизмге каршы күрөштө курман болгон, Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине жетпей калган мекендештерибизге терең таазим! Катарыбызда жүргөн согуштун жана эмгектин ардагерлерине терең таазим!

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


шесть × = 6

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>