Соопчулук


img_fon

Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы тургуну Замирбек Шамшиев төрөлгөндө эле дарыгерлер ага, балдардын церебралдык шал оорусу жана олигофрения (акыл-эси толук жетилбеген) деген аныктама берген.
Энесинин айтымында, алгач аны дарылоо үчүн аракет жасашкан. Бирок, андан башка да балдары көп болгондуктан ал баласын дарылатууга каражат тапкан эмес. Ал көчөдөгү элди, өткөн унааларды карап алаксыганды жакшы көрөт.
Айдоочулардын айтымында, алар кээде акча таштап өтүшөт.
«Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамды аяйбыз. Көпчүлүгүбүз олуттуу жумуш аткаруунун алдында Зайырбекке акча таштап кетебиз», — дешти айдоочулар.
Айдоочулардын бири Зайырбекти унаасына салып кээде шаар айлантып, көңүлүн көтөрүп келгендигин айтат.
«Зайырбек адамдардын жүзүн эсине жакшы сактап калат. Мен келе жатканда таанып, ишарат кылат. Сүйлөй албаганы менен сөздөрдү түшүнөт, кандайдыр бир белгилерди билдирет», — деди айдоочу.

 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


шесть − = 4

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>